Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:59

БДК Кемпир-Абадга байланыштуу билдирүү таратты


Кемпир-Абад суу сактагычы.
Кемпир-Абад суу сактагычы.

Оппозициялык "Бириккен демократиялык кыймыл" (БДК) 11-октябрда Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстанга өткөрүүнү токтотууну талап кылган билдирүү таратты.

Анда "Жогорку Кеңештин Эл аралык, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети 10-октябрда, манипуляция жана кысым аркылуу Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек ара боюнча келишимдин долбоорун жактырганын, маселени талкуулоодо Конституция, Жогорку Кеңештин регламенти одоно бузулганын" белгилеген.

"Бийлик Кемпир-Абад суу сактагычын өткөрүп берүү чечими менен Кыргызстан мамлекеттер аралык мамилелердин туруктуу өнүгүшүнүн, Фергана өрөөнүнүн экономикалык гүлдөшүн камсыз кылуунун олуттуу механизми (ачкычы) болуп саналган өзгөчө мамлекеттик маанидеги стратегиялык объектиден ажырайт. Кыргызстандын азыркы бийлиги улуттук кызыкчылыктарды, эгемендүүлүктү жана аймактык бүтүндүктү коргоодо өзүнүн алсыздыгын, сабатсыздыгын дагы бир жолу көрсөттү. БУУнун жана көптөгөн дүйнөлүк кадыр-барктуу илимий уюмдардын изилдөөсүнө ылайык, жыйырма биринчи кылымда, суу - планетадагы эң маанилүү жана кымбат ресурс болот", - деп жазган оппозициялык кыймыл.

БДК Өзбекстан сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгын жокко чыгарууну жана бийлик маселени өтө маанилүү жана пайдалуу деп эсептесе, элдик референдумга алып чыгууну талап кылган.

Бийлик бул билдирүү тууралуу комментарий бере элек.

10-октябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети кыргыз-өзбек чек арасы, анын ичинде Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча эки тараптуу келишимдин долбоорун караган. Жыйынтыгында көпчүлүк добуш менен келишимди жактырды. Комитеттеги алты депутат макулдугун берип, төртөө каршы болгон.

Айдарбековдун маалымдашынча, келишимге кыргыз-өзбек президенттери кол койгон соң, документ Жогорку Кеңешке ратификацияга алып келинет.

Жапаров 9-октябрда “Кабар” агенттигине курган маегинде кыргыз-өзбек чек арасы, Кемпир-Абад маселеси тууралуу суроолорго жооп берген. Анда ал талаш жерлердин дээрлик 99% Кыргызстанга өткөнүн билдирген.

Кыргыз бийлиги кыргыз-өзбек чек арасын тактоо иштери аяктап калганын жарыялаган. Апта башында негизги документтерде Анжиян суу сактагычы деп жүргөн, Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча нааразылыктар чыккан. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG