Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:00

Сот Руслан Бекназаровдун камактагы мөөнөтүн узартты


Руслан Бекназаров.
Руслан Бекназаров.

Бишкектин Биринчи май райондук соту Свердлов районунун акиминин орун басары Руслан Бекназаровдун абактагы мөөнөтүн дагы эки айга узартты.

Соттун басма сөз кызматы "Азаттыкка" билдиргендей, Бекназаров 12-декабрга чейин №1 Тергөө абагында болот.

14-сентябрда ал экстремисттик материалдарды тараткан деген шек менен Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Милициянын маалыматына караганда, Руслан Бекназаров ИИМдин Тергөө кызматы тергеп жаткан жана Кылмыш-жаза кодексинин “Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу” беренеси менен козголгон ишке байланыштуу суракка чакырылган.

Кыргызстандын Малайзиядагы мурдагы элчиси, саясатчы Азимбек Бекназаров баласы Русландын экстремизмге шек саналып жатышын өзүнүн оппозициялык ишмердүүлүгү менен байланыштырган, баласын күнөөсүз деп эсептейт.

Руслан Бекназаров Бишкектеги Свердлов районунун акиминин орун басары болуп иштеп жаткан жана кызматка ушул жылдын июнь айында дайындалган. Ал 2019-2020-жылдары президенттин аппаратында иштеген.

Ага чейин Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районундагы Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы болгон. Соңку парламенттик шайлоого "Азаттык" партиясынын тизмеси менен катышкан. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG