Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:54

Кытай Күндү изилдөө үчүн космоско обсерватория учурду


Күндүн сырткы кыртышы.
Күндүн сырткы кыртышы.

Кытай Күнгө байкоо салуу үчүн Advanced Space-Based Solar космостук обсерваториясын ийгиликтүү учурду. Бул тууралуу Кытайдын аэрокосмостук илимий-техникалык корпорациясы кабарлады. Учуруу "Чанчжэн-2D" ракета-ташуучу менен аткарылды.

Обсерватория үч жабдуу менен – Күндүн магниттик талаасын изилдөөчү магнитограф, Күндүн жаркыроо мезгилиндеги жогорку электр нурлануусун изилдөөчү рентген сканери жана плазманы анализдөөчү коронограф менен жабдылган.

Аппарат Күндүн магниттик талаасы короналдык массаны жана башка нерселерди чачырап туруусу жөнүндө маалымат берип турат. Ал заттар Жер планетасынын атмосферасына таасирин тийгизет.

Кытай окумуштууларынын айтымында, тарыхта биринчи жолу күндүн ортоңку кыртышын изилдөөгө мүмкүнчүлүк берет.

Космостук обсерваториянын наркы 126 миллион долларды түздү. Бул 10,2 миллиард сомго барабар. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG