Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:29

Британияда жаныбарлардын, бак-дарактардын укугун мыйзамга киргизүү сунушталды


Кирпи. Иллюстрациялык сүрөт.
Кирпи. Иллюстрациялык сүрөт.

Эгер дүйнө өлкөлөрү климаттын бузулушун жана биотүрдүүлүктүн жоголушун алдын алгысы келсе, жан-жаныбарлардын, дарактардын, зарыл болсо океан-дарыялардын да укуктарын юридикалык жактан таанышы керек. Бул тууралуу британиялык The Law Society юристтер ассоциациясынын баяндамасында айтылат.

Эксперттер тобу адамдар менен жаратылыш системаларынын арасындагы мамилелердин өнүгүшү жана биотехнологиялардын киргизилиши менен укук жана жоопкерчилик маселеси жаралды деп белгилешет.

“Кээде биз өзүбүздү жаратылыштан сырткары көрөбүз. Жаратылыш бизге карыздар сыяктуу, аны каалагандай башкарышыбыз керек деп эсептейбиз. Бирок биз жаратылыштан келгенбиз, жаратылыштабыз, биз болгону өзүнчө түркүмбүз”, – деди баяндаманын авторлорунун бири, доктор Триш О’Флинн.

Эксперттер өз баяндамасында адамдар башка заттарга карата "бинардык мамиле" (бири-бирине карама-каршы коюу) кыларына, ким өлүп, ким калышы керектигин адамзат өз алдынча чечип келатканына көңүл бурат. Алардын айтымында, бардык заттарды өз жана өзгө, оорулуу жана оорулуу эмес, сүйкүмдүү жана түрү суук деп бөлүү да "бинардык мамилеге" кирет.

Юристтер кайсы бир түркүмдөрдү өркүндөтүү жана кайсы бир түркүмдөрдү жок кылуу да этикалык жактан туура эмес экенин белгилешет.

2008-жылы Эквадор жаратылыштын укуктарын Конституциясына бекиткен биринчи мамлекет болгон. Мыйзам экосистемалардын жашоого жана өнүгүүгө укугун тааныйт. Табияттын атынан адамдар петиция берүүгө укуктуу. 2022-жылы бул өлкөдө эки жаныбардын укугу юридикалык жактан корголгон.

2021-жылдагы маалыматка ылайык, жаратылыштын укугу дүйнөнүн 39 өлкөсүндө жергиликтүү жана улуттук деңгээлдеги мыйзамдык актыларда корголгон. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG