Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:05

Ак-Сайда жаңы турак жайлардын курулушу башталды


Ак-Сай айылы, Баткен. 10-Октябрь, 2022-жыл.
Ак-Сай айылы, Баткен. 10-Октябрь, 2022-жыл.

16-17-сентябрдагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалдан кыйраган үйлөрдүн ордуна жаңы турак жай курула баштады. Алардын алгачкылары Баткен районундагы Ак-Сай айыл аймагындагы Достук жана Капчыгай айылдарында курулууда. Бул тууралуу Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, ар бир үйдүн курулушу үчүн 3,3 млн. сомдон бөлүнгөн, учурда жалпы 500 млн. сом бөлүнгөн.

Жоробаев белгилегендей, Достук жана Капчыгай айылдарында үйлөр дээрлик толук жараксыз болуп, инфраструктура талкалангандыктан, турак жайлар жаңыдан тургузулат. Курулушка эки ай мөөнөт берилген.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 6-октябрдагы маалыматына караганда, Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы соңку куралдуу кагылышта кыргыз айылдарынан 661 турак жай зыян тарткан. Анын 423ү жашоого жараксыз болуп калган, 238 үй оңдоп-түзөлүшү керек.

Андан сырткары, 11 административдик, стратегиялык объектилер, 335 мал сарай, сегиз мектеп, эки бала бакча, үч фельдшердик-акушердик пункт зыян тарткан. 197 жашоо тиричилик камсыздоочу объектилер талкаланып, өрттөлгөн. Ак-Суу дарыясындагы узундугу 36 метрлик унаа өтүүчү көпүрө жардырылып, 61 автоунаа өрттөлгөн же талкаланган. Кыргыз бийлиги жаңы үйлөрдү эки-үч айда курууну убада кылууда.

"Озоди" радиосу жергиликтүү жашоочуларга шилтеме берип тажик айылдарында да дүкөн, турак жайлар өрттөлүп, талкаланганын жазган. Дүйшөмбү кыйроолор жана талкаланган турак жайлар тууралуу расмий билдирүү жасай элек. Көз карандысыз башка булактардан бул маалыматты тактоого мүмкүн болбой жатат.

14-17-сентябрда чек арада кан төгүлгөн окуя үчүн Бишкек менен Дүйшөмбү бири-бирин айыптоодо.

Кыргызстандын Ак-Сай айылында 5 миңге жетпеген эл жашайт. Айыл 40 миң чамалуу калк жашаган Тажикстандын Ворух анклавы менен чектешип турат. Төмөн жагында Тажикстандын 12 миңден ашуун тургуну бар Кожалы кыштагы бар. (ZKo/JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG