Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:44

Суваналиев Жапаровдун ал жөнүндө айткандарына жооп берди


Өмүрбек Суваналиев.
Өмүрбек Суваналиев.

Президенттин Баткен облусундагы мурдагы өкүлү Өмүрбек Суваналиев кызматтан кеткен себеби боюнча комментарий берди. 9-октябрда журналисттердин суроосуна жооп берип ал 2021-жылы чек арадагы кандуу окуя учурунда элди эвакуациялоо жана тажик тарап менен сүйлөшүү иштери менен алек болуп жүргөнүн, кагылышууну өз күчтөрү менен токтото алышканын айтты.

"28-апрелде чек арадагы абалды жайгаруу үчүн Кызыл-Бел менен Гүлистан бекеттеринин ортосунда нейтралдуу тилкеде чоң делегация болуп, Согди облусунун губернатору менен жолугушуу өткөрдүк. 29-апрелде элди эвакуациялап, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, акимдер бардыгыбыз өзүбүздүн функционалдык милдеттерди аткарып жаттык. Бир топ сүйлөшүүлөрдөн кийин тынчтык келишими кабыл алынып, протоколго кол коюлду. Ятимовдун (Тажикстандын УКМК башчысы) катышуусунда өткөн жолугушууну тажик тарап тартып чыгарган. Ошол жолугушууга кеткенде кабинетимди келип тартышып, “Суваналиев ордунда жок” деп маалымат таратышкан. Айта кетүүчү нерсе – ал күндөрү бир дагы чоң чиновник Баткенге келген эмес. Биз өзүбүз ошол кагылышууну токтотконбуз. Президентке тынбай маалымат берип тургам. Ал эми кызматтан кеткенибиздин себеби – 30дан ашык адам каза болуп, моралдык жоопкерчилик бар эле",- деди Суваналиев.

Бүгүн 9-октябрда президент Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине маек куруп, иштен алынган жетекчилер тууралуу суроого да жооп берген. Ал Суваналиев чек арадагы окуя учурунда иш бөлмөсүнөн чыкпай, жашынып отуруп алганын айткан. “Сүйлөсө асманды сүйлөгөн, бирок ишке келгенде ноль” жетекчилер бар экенин айткан Жапаров Өмүрбек Суваналиевди мисал кылган.

“Суваналиевди Баткенге жибердим. "Сиз генералсыз, тажрыйбаңыз бар. Тажиктер менен жакшы мамиле түзүп, чек арада атышуулар болбогудай аракеттерди жасаңыз" деп. Анан эле 29-апрелде тажик тарап биринчи агрессия кылганда тажиктерге барып сүйлөшкөндү биякка коелу, облустук администрациянын алдына чогулган элге чыкпай кабинетинде жашынып олтуруп албадыбы. Анан дароо алмаштырдым”, - деген Жапаров.

7-октябрда Суваналиев “Азаттыкка” курган маегинде Жапаровдун бийликке келишин убагында өзү да колдогонун айтып, анын башкаруусундагы эки жыл тууралуу пикирин билдирген. Суваналиев “чоң убадалар” болгонун, бирок “көбү аткарылбаганын”, анткени “кош бийлик” болуп жатканын, “проблемалар үйүлүп калганын”, “криминалдын бизнеске таасири аябай өрчүп кеткенин” жана ага каршы эч ким күрөшпөй жатканын” айткан. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG