Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:51

Трюдо: Кыргызстан менен жаңы келишим сүйлөшүүлөрүн улантууга даярбыз


Элизабет Трюдо.
Элизабет Трюдо.

Америка Кошмо Штаттары Кыргызстан менен жаңы келишим тууралуу сүйлөшүүлөрдү улантууга даяр. Бул тууралуу 9-октябрда “Азаттыкка” курган маегинде АКШнын мамлекеттик катчысынын коомчулук менен байланыш маселелери боюнча жардамчысынын милдетин аткаруучу Элизабет Трюдо билдирди.

“Биз даяр турабыз. АКШ Кыргызстанды эң күчтүү өнөктөш катары көрөт. Биз бул сүйлөшүүлөрдү улантууга даярбыз. Ар бир суверендүү өлкө өз өнөктөшүн өзү тандай алат. Кыргызстан да өз өнөктөшүн тандай алат. АКШ ошол өнөктөшү болууга даяр”, - деди Трюдо.

Быйыл май айында АКШнын мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбор Азия боюнча жардамчысы Дональд Лу Бишкекке келгенде кыргыз бийлиги менен эки тараптуу кызматташтык жөнүндө жаңы келишимди талкуулаганын “Азаттыкка” айтып берип, "Биз келишимди даярдадык жана ага болушунча тез арада кол коюуну чыдамсыздык менен күтүп жатабыз” деп айткан.

Кыргызстандын Кошмо Штаттардагы элчиси Бактыбек Аманбаев 6-сентябрда “Азаттыкка” бул багытта иш уланып жатканын билдирген:

“Бул келишим боюнча иш жүрүп жатат. Ага кол коюу жөнөкөй нерсе эмес. Ал үчүн биз жактан жогорку даражалуу делегация келиши, анан кол коюлушу керек. Мунун баары азыр даярдалып жатат. АКШда чечим чыгаруучу үч мекеме бар – Мамлекеттик департамент, Ак үй жана Конгресс. Элчи катары менин аталган мекемелер менен байланышым аябай жакшы. Дональд Лу мырза Кыргызстанды гана эмес, Борбор Азияны жакшы билет”.

Кыргызстан менен АКШ ортосундагы кызматташтык жөнүндө макулдашууга 1993-жылы 19-майда Вашингтондо кол коюлган. Бул стратегиялык документти кыргыз өкмөтү 2015-жылдын 21-июлунда бир тараптуу денонсациялаган.

Элизабет Трюдонун аймактагы иш сапары 28-сентябрда башталып, 9-октябрда жайынтыкталды. Ал Кыргызстандан тышкары Непал, Бириккен Араб Эмираттары жана Өзбекстан өлкөлөрүндө да болду. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG