Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:31

Крым көпүрөсүндөгү жарылуудан үч адам каза болгону кабарланды


Крым көпүрөсү. 2022-жылдын 8-октябры.
Крым көпүрөсү. 2022-жылдын 8-октябры.

Крым көпүрөсүндөгү жарылуудан улам, баштапкы маалымат боюнча, үч адам каза болду. Бул тууралуу Орусиянын Тергөө комитети билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, каза болгондор – жарылган оор жүк ташуучу машинанын жанында бара жаткан жеңил автоунаанын жүргүнчүлөрү болчу. Экөөнүн (бир аял, бир эркек) сөөгүн суудан алып чыгышты, алардын ким экени такталып жатат.

Оор жүк ташуучу машинанын ээси Краснодар крайынын тургуну экени аныкталды, тергөөчүлөр азыр анын жашаган жеринде териштирүү иштерин жүргүзүп жатышат. Айрым маалыматтар боюнча, ал адам машинасын башка бирөөгө сатып жиберген, бирок жаңы ээсине каттала элек болчу.

Машинаны көпүрөгө кирер алдында текшерген жол коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери айдоочу эч кандай шек жаратпаганын, документтери баары жайында болгонун, унааны рентген аркылуу текшерүү болбогонун айтып беришкени да кабарланууда.

Орусия 2014-жылы аннексиялап алган Крым жарым аралындагы Керч аймагында жайгашкан көпүрөдө бүгүн 8-октябрда жарылуу болду. Орусия көпүрөдө оор жүк ташуучу машина жарылганын, натыйжада поезддеги мунай куюлган жети цистерна өрттөнгөнүн билдирди. Көпүрө айрым жеринен талкаланган.

Орусия Керч кысыгына курган көпүрө автоунаа үчүн 2018-жылы май айында ачылган. Узундугу 19 чакырымды түзгөн көпүрөнүн курулушуна 3,7 миллиард доллар жумшалган. Расмий Киев Москванын бул долбоорун сынга алган. Европа Биримдиги Орусия менен Крымдын ортосундагы көпүрөнү курган компанияларга санкция салган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG