Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:42

Орусия армиясында бир нече колбашчылар алмашты


Чыгыш аскердик округунун жаңы командири Рустам Мурадов жана Орусиянын президенти Владимир Путин.
Чыгыш аскердик округунун жаңы командири Рустам Мурадов жана Орусиянын президенти Владимир Путин.

Украинадагы согушта айрым аймактарда аскерлери артка чегингенден кийин Орусия өз армиясында бир нече жетекчилерди алмаштырды.

Дагестандын башчысы Сергей Меликов Телеграмдагы каналында Кавказдын тургуну, генерал-лейтенант Рустам Мурадов Орусиянын Чыгыш аскердик округунун командири болуп дайындалганын жазды.

РБК маалымат агенттиги өз булактарына таянуу менен Мурадов генерал-полковник Александр Чайконун ордуна келгенин жазды. Орусиянын Коргоо министрлиги расмий маалымат тарата элек.

Орусия Федерациясы жалпы төрт аскердик округга – Батыш, Чыгыш, Түштүк жана Борбордук болуп бөлүнөт. Аскердик-деңиз күчтөрү Түндүк флот деген аталышта шарттуу түрдө бешинчи округ болуп каралат. Чыгыш аскердик округу Орусиянын Ыраакы Чыгыш аймагында жайгашкан, бирок алардын кызматкерлеринин көбү Украинадагы согушка катышып жатат.

Орусия Украинага кол салуусуна байланыштуу Рустам Мурадов да Батыштын санкцияларына кабылган. Ал Украинанын Донецк жана Луганск облустарындагы аскерлерди жетектеп келген. Ал ошондой эле буга чейин Азербайжандын жикчил Тоолуу Карабак аймагындагы Орусиянын тынчтык орнотуучу күчтөрүнүн да командири болгон.

Мамлекеттик РБК басылмасы мурдараак Орусиянын аскерлеринин арасындагы олуттуу жоготуулардан соң Батыш округунун командири Александр Журавлев кызматтан кетип, анын ордуна башка киши дайындалганын жазган. Сентябрда коргоо министринин орун басары, орус аскерлерин курал менен камсыздоого жооп берген Михаил Мизинцев иштен кеткен.

Украинанын Куралдуу күчтөрү августтун аягында масштабдуу контрчабуул баштаган. Сентябрда жана октябрдын башында Харьков, Луганск, Донецк, Херсон облустарынан ири аймактарды бошотту. Анын ичинде стратегиялык делген Харьковдогу Балаклея жана Донецкидеги Лиман шаарларынан да орус аскерлерин сүрүп чыгарды.

Орусиянын Коргоо министрлиги соңку карталарында Харьков жана Херсон облустарынан өз күчтөрү чегингенин көрсөтүп жатат. Мурдагы суткаларда алар Херсондо эле 30 чакырым артка жылганын мойнуна алышкан.

Орус күчтөрү жана жикчилдер ушул күндөрү Донецк, Луганск, Херсон, Запорожье облустарынын көпчүлүк бөлүгүн, Николаев жана Харьков облустарынын азыраак бөлүгүн ээлеп турат. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG