Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:20

Ошто өзбекстандык жарандар зер буюмдар аткезчилигине шектелип кармалды


Зер буюм аткезчилиги.
Зер буюм аткезчилиги.

Ош аэропортунда Стамбул - Ош каттамы менен учуп келген Өзбекстандын эки жараны зер буюмдарды аткезчилик менен ташууга айыпталып кармалды. Бажы кызматы тараткан маалыматка караганда, бут кийимдердин таманына катылып алып келаткан зер буюмдун баасы 7,7 млн. сомго жакын. Жалпы салмагы - 2 кг 406 грамм.

Өзбек жарандары 179 даана алтын чынжырча, 52 даана алтын билерикти тийиштүү документтери жок алып кирүүгө аракеттенген.

Материалдар мыйзамда белгиленген тартипте кароо жана чечим кабыл алуу үчүн Ош облусунун прокуратурасына өткөрүп берилди.

Аткезчилик менен ири өлчөмдө зер буюм ташып келатканда кармалган учурлар буга чейин катталган.

Быйыл март айында Ош эл аралык аэропортунда эки килограммга жакын алтын буюмдарды аткезчилик жол менен алып бараткан Өзбекстандын жарандары кармалган. Алар Оштон Бишкекке учуп жатканда кармалган. Милиция тараткан маалыматта, Өзбекстан жарандары андан ары чет өлкөгө учууну пландаганы белгиленген. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG