Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:30

Баткенде өзүн атып алган жоокер ооруканага жаткырылды


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Баткен облусунда "Илбирс" атайын багыттагы бөлүгүнүн жоокери өзүн көкүрөк тушка атып алды. Бул маалыматты “Азаттыкка” Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы ырастады.

Мекемеден билдиришкендей, жоокер учурда ооруканада. Окуя 5-октябрга караган түнү болгон. Жабырлануучунун абалы жана окуянын чоо-жайы азырынча айтыла элек.

Соңку эки айда кыргыз армиясында кызмат өтөп жаткан төрт аскер каза тапты.

Өткөн айда Акыйкатчы институту атайын жумушчу топ түзүп, акыркы беш жыл ичиндеги жоокерлердин өлүмүн, армиядагы зордук-зомбулукту иликтеп жатат. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG