Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:28

Президент Жапаров ЖККУ баш катчысы менен чек ара маселесин талкуулады


Садыр Жапаров жана Станислав Зась. 5-октябрь, 2022-жыл.
Садыр Жапаров жана Станислав Зась. 5-октябрь, 2022-жыл.

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-октябрда Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) баш катчысы Станислав Засты кабыл алды. Президенттин басма сөз кызматы кабарлагандай, алар аймактык коопсуздукту жана туруктуулукту камсыз кылууну талкуулап, уюмдун алкагындагы өз ара аракеттенүү маселелери боюнча пикир алмашты.

Жапаров ЖККУ келишимине кол коюлгандыгынын 30 жылдыгы жана уюмдун түзүлгөндүгүнүн 20 жылдыгы белгиленип жатканын айтып, "мааракелик жылга ЖККУга мүчө мамлекет - Тажикстандын мыйзамсыз жана деструктивдүү аракеттери көлөкө түшүргөнүн" белгилеген.

"Мамлекет башчысы Станислав Заска Тажикстандын Кыргызстанга каршы куралдуу агрессиясы, анын натыйжасында жай тургундардын жана аскер кызматкерлеринин өлүмү, Баткен облусундагы жарандык, социалдык инфраструктуранын эбегейсиз кыйрашы тууралуу кеңири айтып берди", - деп айтылат президенттин басма сөз кызматы тараткан маалыматта.

Зась өз кезегинде кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы соңку кайгылуу окуяларга байланыштуу көңүл айтты. Уюм бул кризистик кырдаалды жөнгө салууга көмөк көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

16-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында кан төгүлгөн окуяны Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги "Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы" деп атаган. Тажикстан да Кыргызстандын дарегине ушундай эле айыптоолорду айтып жатат.

Кыргызстан чек арадагы кагылышуудан бери дегенде 63 жаранынан айрылды. Жараат алгандардын расмий эсеби 200гө жакындады. Баткенде 600дөн ашуун турак жай, социалдык жана коммерциялык объекттер жабыркаганы расмий кабарланды.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги 41 жараны каза болгонун билдирген. "Озоди" радиосу өз булактарына таянып 74 кишинин тизмесин чыгарды жана тажик айылдарында да дүкөн, турак жайлар өрттөлүп, талкаланганын жазды. Дүйшөмбү бул тууралуу расмий билдирүү жасаган жок. Маалыматты башка көз каранды эмес булактан тактоо мүмкүн эмес болууда. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG