Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:10

Камила Талиева: Баткенде эл президенттин келишин күтүп жатат


Камила Талиева
Камила Талиева

Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева парламенттин 5-октябрдагы жыйынында Баткенде чек арадагы куралдуу кол салуудан кийинки абалга байланыштуу маселе көтөрдү. Ал жаңжалдан жабыркаган Лейлектин Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн жаштары президентке кайрылганын, жергиликтүү тургундар Садыр Жапаровдун келишин күтүп жатканын билдирди.

"Жаңы-Жер айыл өкмөтүндө жашаган элдин 70% көчүп кетип калды. Мектептерде ар бир класста 5-6дан гана окуучу калды. Мисалы, Арка айылында жалаң гана эркектер калды. Эл чилдей тарады. Аларга үй салып берүүгө 3 милллиард сом бөлүп бердик эле, үй салып бергени менен эл кооптонуп, жашаганга барбаса эмне болот? Жаштар дагы президенттин келишин суранып жатат. Түзмө-түз сүйлөшөлү деген сөздөрүн мен өкүлү катары айтып коеюн",-деди Талиева.

Дагы бир депутат Нурлан Ражабалиев Баткенде жабыркаган жарандарга ар тараптан жардам берүү маселесин парламенттин күн тартибине киргизүүнү сунуштады. Дагы бир катар депутаттар Баткен маселесин көтөрүштү.

Президент Садыр Жапаров жана анын басма сөз кызматы мамлекет башчы чек арадагы куралдуу кол салууда жабыркаган айылдарга барар-барбасын азырынча маалымдай элек.

16-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында кан төгүлгөн окуяны Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги "Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы" деп атаган. Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги ушундай эле мазмунда кыргыз тарапты айыптаган билдирүү жарыялаган. Кыргызстан кол салуудан бери дегенде 62 жаранынан айрылды, алардын кыркы аскер кызматкери. Жараат алгандардын расмий эсеби 200гө жакындады.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны каза тапканын, 200 чукулу жаракат алганын билдирди. "Озоди" радиосу өз булактарына таянып, 74 кишинин тизмесин жарыялады, жергиликтүү жашоочуларга шилтеме берип тажик айылдарында да дүкөн, турак жайлар өрттөлүп, талкаланганын жазды. Бул маалыматты башка көз каранды эмес булактан тактоо мүмкүн эмес болууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG