Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:35

Быйыл энергетика тармагын өнүктүрүүгө 12 миллиард сом бөлүндү


Акылбек Жапаров Бишкек ЖЭБине барды. 4-октябрь, 2022-жыл
Акылбек Жапаров Бишкек ЖЭБине барды. 4-октябрь, 2022-жыл

Быйыл энергетика тармагын өнүктүрүүгө 12 млрд. сом бөлүндү. Каражат тармакта башталган реформаларды аягына чыгарууга жумшаларын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 3-октябрда калкты 2022-2023-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча кеңешмеде билдирди.

Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, Жапаров эбегейсиз өлчөмдөгү электр энергиясы кайда кетип жатканы белгисиз экенин айткан. Ошондой эле энергетика министринин милдетин аткаруучу Таалайбек Ибраевди тааныштырып, мекеменин алдында бир катар маанилүү милдеттер турганын белгиледи.

Маалыматка караганда, ушул эле күнү Министрлер кабинетинин башчысы Бишкек Жылуулук электр станциясына (ЖЭБ) барып, көмүр менен камсыздоо, жабдуулардын даярдыгын камсыз кылуу иштери тууралуу маалымат алды.

“Бардык металлды иргеп, ЖЭБдин аймагын бошотуу керек, алар көмүрдү сактоого тоскоол болот да. ЖЭБди металл калдыктарын сактоочу жайга айландыруунун кереги жок. Тартипке келтиргиле”, - деп Акылбек Жапаров ЖЭБдин аймагында жайгашкан металл калдыктарына көңүл бурду.

Президент Садыр Жапаровдун 3-октябрдагы жарлыгы менен энергетика министри Доскул Бекмурзаев кызматтан алынган.

Бекмурзаевге Башкы прокуратура "кызмат абалынан кыянат пайдаланууга" байланыштуу эки кылмыш ишин козгогон. Прокуратуранын маалыматында министр тармакта адис эмес кызматкерлерди чет өлкөгө жиберип, мамлекеттин каражатын ысырап кылганы, курулуш иштеринде 15 млн. сомдон ашык зыян келтиргени айтылат.

Ал кызматтан убактылуу чектелип, иликтөө жүрүп жатканы кабарланган.(КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG