Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:37

Сот 13 жаштагы кызды зордуктоого шек саналган адамды сегиз жылга кести


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 4-октябрда 13 жаштагы секелекти зордуктоого айыпталган төртүнчү адамга карата өкүм чыгарды. Ага ылайык, кылмышка шектүү сегиз жылга эркинен ажыратылды.

Судья ошондой эле айыпталуучуну жабыркаган тарапка моралдык кенемте катары 100 миң сом төлөп берүүгө милдеттендирди.

Мамлекеттик айыптоочулар соттон айыпталуучуга тогуз жыл жаза сураган. Жабыркаган тараптын жактоочусу жазаны мүмкүн болушунча көп берүүнү өтүнгөн.

Секелектин зордукталышына байланыштуу сот жараяндары жабык өттү. Өкүм чыккаендан кийин айыпталуучу тараптын жактоочулары комментарий берген жок.

Бул кылмыш иштин алкагында жалпысынан төрт кишиге - эки милиция кызматкери жана эки жаранга айып тагылган.

30-августта Свердлов райондук соту экт милиция кызматкерин 15 жылга, мурда соттолгон бир адамды 10 жылга кескен.

2-июлда “Азаттык” милиция кызматкерлери секелекти зордуктоого шек саналып жатканы жөнүндө "Кызымды колдон колго өткөрүшкөн" деген макала жарыялаган. Ушундан кийин аялдарга жана балдарга карата зордук-зомбулукту токтотуу талабы коюлган акциялар Ички иштер министрлигинин алдында бир нече жолу уюштурулган.

8-июлда ушул иш боюнча териштирүү жүрүп жаткан мезгилде Свердлов райондук сотунун алдында кыздардын укугун коргоого акциясы өткөн. Ага эки жүзгө жакын активисттер, укук коргоочулар катышты. Ушундай эле пикет Ош шаарында да шаардык милициянын алдында болгон. Алар Ички иштер министри балдарын, аялдардын укуктары тепселенип жатат деген негизде Улан Ниязбековдун кызматтан кетишин талап кылышкан.
19-июлда ички иштер министри Улан Ниязбеков Бишкекте маалымат жыйын куруп, секелектин зордукталышы боюнча Свердлов райондук милициясынын жетекчисинин эки орун басарына сөгүш берилгенин жарыялаган

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG