Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:49

Кулубаев менен Зась кыргыз-тажик чек арасындагы абалды талкуулады


Жээнбек Кулубаев жана Станислав Зась, 3-октябрь, 2022
Жээнбек Кулубаев жана Станислав Зась, 3-октябрь, 2022

Бүгүн, 3-октябрда Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) баш катчысы Станислав Засты кабыл алып, аймактагы коопсуздук, уюмдун ишмердүүлүн талкуулады. Бул тууралуу тышкы ишмер мекемесинин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, тараптар ар кандай чакырыктар менен коркунучтар жана уюмдун алкагында өтчү жыйындар тууралуу сүйлөштү.

Кулубаев кыргыз-тажик чек арасындагы абал боюнча маалымат берип, "тажик тараптын агрессивдүү жана абалды туруксуз кылган мыйзамсыз аракеттери эки өлкөнүн ортосундагы эки тараптуу жана көп тараптуу келишимдерге каршы келерин" белгилеген. Ал Кыргызстандын бардык маселелерди саясий-дипломатиялык жол менен гана чечүү тууралуу позициясынын аркасында кырдаалды турукташтырууга жетишүү мүмкүн болгонун белгиледи. Нью-Йоркто өткөн ЖККУга мүчө-мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин жумушчу жыйынында жетишилген кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды турукташтыруу боюнча макулдашууларды аткаруу үчүн уюмдун учурдагы механизмдерин мүмкүн болушунча тезирээк ишке киргизүү зарылдыгын белгиледи.

14-17-сентябрда чек арада кан төгүлгөн окуя үчүн Бишкек менен Дүйшөмбү бири-бирин айыптоодо. Кыргызстан соңку кагылышта 62 жаранынан айрылды. 200дөй жаран ар кандай жараат алды.

Куралдуу кагылышта кыргыз айылдарынан 640 турак жай зыян тарткан. Анын 423ү такыр жашоого жараксыз болуп калган, 217 үй оңдоп-түзөлүшү керек.

Андан сырткары, 11 административдик, стратегиялык объектилер, 323 мал сарай, сегиз мектеп, эки бала бакча, үч фельдшердик-акушердик пункт зыян тарткан. 197 жашоо тиричилик камсыздоочу объектилер талкаланып, өрттөлгөн. Ак-Суу дарыясындагы узундугу 36 метрлик унаа өтүүчү көпүрө жардырылып, 27 автоунаа өрттөлгөн же талкаланган. Кыргыз бийлиги жаңы үйлөрдү эки-үч айда курууну убада кылууда.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны каза тапканын билдирди. "Озоди" радиосу өз булактарына таянып, 74 кишинин тизмесин жарыялады, жергиликтүү жашоочуларга шилтеме берип тажик айылдарында да дүкөн, турак жайлар өрттөлүп, талкаланганын жазган. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG