Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:15

Акыйкатчы Еврошаркеттин өкүлүнө чек арадагы окуя тууралуу маалымат берди


Атыр Абдрахматова.
Атыр Абдрахматова.

Акыйкатчы Атыр Абдрахматова 2-октябрда Европа Биримдигинин адам укуктары боюнча атайын өкүлү Имон Гилмор менен телефондон сүйлөштү. Акыйкатчы институтунун билдиришинче, анда омбудсмен кыргыз-тажик чек арасындагы соңку "куралдуу кол салуу" тууралуу маалымат берди.

"Акыйкатчы куралдуу жаңжалда Кыргызстандын 60тан ашык жараны, анын ичинде өспүрүм кыз мерт болгонун, тажик аскерлери балдар окуп жаткан маалда мектептерди, бала бакчаларды аёосуз аткылаганын, 140 миңден ашык адам аргасыз жер которуп, жүздөгөн турак-жай имарат кыйраганын айтты. Мындан улам атайын өкүлдөн Тажикстандын куралдуу агрессиясын кескин айыптап, Дүйшөмбүнүн ар кандай чагымчыл аракеттерин токтотууга жардам берүү өтүнүчү менен кайрылды",-деп айтылат маалыматта.

Мунун алдында Абдрахматова Баткенде чек арада соңку жаңжалда жабыркаган айылдарды кыдырып келген эле.

16-17-сентябрдагы чек арада кан төгүлгөн окуяны Кыргызстан "Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы" деп айыптады. Тажикстан күнөөнү Кыргызстанга оодарды.

Кыргыз бийлиги бери дегенде 62 жаранынан айрылганын билдирген. Алардын кыркы аскер кызматкери. Жараат алгандардын расмий эсеби 200гө жакындады, алардын 13ү балдар, 14ү аялдар.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны каза тапканын билдирди, "Озоди" радиосу 74 кишинин тизмесин жарыялады. Бул маалыматты башка көз каранды эмес булактардан тактоо мүмкүн эмес болууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG