Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:13

Бешинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Казакстанда өтмөй болду


IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтүп жаткан Изник шаары. Түркия.
IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтүп жаткан Изник шаары. Түркия.

Бешинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Казакстанда өтмөй болду. Бул тууралуу Түркиянын жаштар жана спорт министри Мехмет Касапоглу IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жабылыш аземинде сүйлөп жатып билдирди.

"Биз бул аманатты Кыргызстандан алдык. Эми Казакстанга өткөрүп берип жатабыз", - деди ал.

Оюндардын жыйынтыктоочу аземине Кыргызстандын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов жана Казакстандын Маданият жана спорт министри Даурен Абаев да катышты.

Түркиянын Изник шаарында өткөн IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 29-сентябрда башталып, 2-октябрда жыйынтыкталды. Ага 102 өлкөдөн үч миңдей спортчу катышты. Кыргызстандан 148 спортчу, спорттун 11 түрү боюнча күч сынашты.

Кыргызстандын демилгеси менен 2014-жылдан бери өткөрүлүп келген Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары буга чейин үч жолу Ысык-Көлдө уюштурулган.

Түркиядагы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын тумары катары бөлтүрүк тандалды. Тумар түрк элдеринин тарыхый жери саналган - Өтүкен деп аталды.

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын белгиси ак илбирс болгон. (ElB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG