Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:36

Монголия орусиялыктарга жашоого уруксат берүүнү убада кылды


Улан-Батор, Монголия.
Улан-Батор, Монголия.

Монголиянын Иммиграция агенттиги атайын өтүнүч менен кайрылган орусиялыктарга жашоого уруксат берүүгө даяр. Бул тууралуу аталган агенттиктин жетекчиси Нэргуйн Ууганбаяр билдирди. Ал Монголияда жашоого уруксат берүүнүн 56 түрдүү категориясы бар экенин айтып, убактылуу жашап турууну каалаган Орусиянын жарандары кайрыла турган болсо анын бир түрү бериле турганын белгиледи.

Орусиянын президенти Владимир Путин 21-сентябрда жарым-жартылай мобилизация жарыялагандан кийин Монголия орусиялыктар качкан өлкөлөрдүн бири болуп калды. Ошол убактан бери бул өлкөгө 6 миңден ашуун Орусиянын жараны кирген, 750 киши Монголияда жашап туруу үчүн документтерин узарткан жана миңдей адам убактылуу жашоого уруксат алуунун жол-жобосун сурап кайрылган.

21-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин жарым-жартылай мобилизация жарыялаган. Коргоо министри Сергей Шойгу бул боюнча мамлекет башчынын жарлыгынын алкагында 300 миңдей резервисттер аскерге тартыларын айткан. "Новая газета. Европа" басылмасы жарлыктын жашыруун деп мүнөздөлгөн 7-пунктуна ылайык, 1 миллионго жакын адам мобилизацияга тартыларын жазды.

Путиндин кайрылуусунан кийин Орусиянын бир катар шаарларында мобилизацияга каршы акциялар өтүп, жүздөгөн киши кармалганы маалым болгон.

Майдандагы жоготууну толтуруу максатында жарыяланган мобилизация орус жарандарын жапырт сыртка качууга мажбур кылды. Ушул тапта Казакстандын, Грузиянын жана Армениянын чек арасында узун кезек пайда болду.

Атайын кайрылуу жасаган учурда президент Путин өзү аскердик адистиги жана согуштук тажрыйбасы бар резервдегилер гана мобилизацияга тартыларын айткан. Ага карабай Коргоо министрлиги жарандарды аскерге ылгабай тартып жатканы кабарланды. Анын ичинде ден соолугунун айынан армияда кызмат кылбагандар, пенсионерлер, студенттер, мугалимдер, дарыгерлер, программисттер бар. Мобилизацияга тартылгандар аскерде жатарга, тамак ичерге жана башка нерселер шарттар жоктугун, эски курал-жарактар берилип жатканына даттанып, видеолорду чыгарып жатат. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG