Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:17

Украина НАТОго шашылыш тартипте кирүүгө арыз берди


Украинанын президенти Владимир Зеленский НАТОго кирүүгө жазылган арызды кармап турат. Оңдо Украинанын парламентинин спикери Руслан Стефанчук, солдо премьер-министри Денис Шмыгаль.
Украинанын президенти Владимир Зеленский НАТОго кирүүгө жазылган арызды кармап турат. Оңдо Украинанын парламентинин спикери Руслан Стефанчук, солдо премьер-министри Денис Шмыгаль.

Президент Владимир Зеленский Украина Түндүк атлантикалык аскердик уюмга (НАТО) шашылыш тартипте кирүүгө арыз бергенин жарыялады. Бул тууралуу ал 30-сентябрда өлкөнүн Коопсуздук жана коргонуу кеңешинин отурумунун жыйынтыгында жарыялады.

“Де-факто биз НАТОго кирүүчү жолду басып өттүк. Де-факто биз Түндүк атлантикалык уюмдун стандарттарына шайкеш келерибизди далилдедик. Алар Украина үчүн реалдуу – согуш талаасында жана биздин өз ара кызматташуубуздун бардык аспектилеринде реалдуу. Биз бири-бирибизге ишенебиз, бири-бирибизге жардам берип жатабыз жана бири-бирибизди коргоп жатабыз. Ушунун өзү Түндүк атлантикалык уюм. Де-факто. Аны де-юре ишке ашыруу үчүн бүгүн Украина арыз берет. Баары биздин коомчулугубузду коргоо үчүн маанилүү процедурага ылайык жүрөт. Ыкчамдатылган тартипте. Биз Украинанын НАТОго шашылыш түрдө кирүү арызына кол коюу менен биз өзүбүздүн кадамыбызды жасадык”, – деди ал жыйындан кийин телеграм каналына чыгарган видео кайрылуусунда.

Мунун алдында Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшту. Анда сүйлөгөн сөзүндө Путин аталган төрт облусту Киевге эч качан кайтарбай турганын айтты.

Дүйнөнүн бир катар өлкөлөрү бул аннексияны тааныбай турганын расмий маалымдады. Украина өз аймактарын куралдуу жол менен кайтарып аларын жарыялады.

Орусия 2014-жылы да ушундай эле ыкма менен Украинанын Крым жарым аралын аннексиялап, өзүнө кошуп алган. Анда да аралда жасалма референдумдар өткөрүлүп, Путин аннексиялоо тууралуу документке койгон.

Луганск менен Донецкиде жикчилдер сегиз жыл мурда эле “Луганск Элдик Республикасы” жана “Донецк Элдик Республикасы” деп аталган түзүмдөрдү уюштуруп алышкан, Херсон жана Запорожье аймактарын Москва февралда басып киргенден кийин ээлеген. Орусиялык аскерлер жана жикчил күчтөр жасалма референдум өткөн төрт облустун бардык аймагын эмес, кайсы бир бөлүгүн гана ээлеп турат. Калган бөлүктөрү Украинанын көзөмөлүндө жана кармаш дале уланууда.

НАТО 1949-жылы АКШны жана Европаны СССРдин таасиринен коргоо үчүн түзүлгөн. Ага алгач 12 мамлекет кирген. Учурда АКШ, Британия, Канада, Франция, Германия баштаган 30 мамлекет уюмга мүчөлүк кылат. Мындагы келишимдин башкы пункту уюмга мүчө бир мамлекетке башкалар кол салса НАТОдогу бардык өлкөлөр коргоого алууга милдеттүү. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG