Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:10

Токаев “Елбасы” күнүн майрамдардын катарынан чыгарган мыйзамга кол койду


Нурсултан Назарбаевдин сүрөтү менен Биринчи президенттин күнү жөнүндө маалыматты камтыган билборд. Архивдик сүрөт.
Нурсултан Назарбаевдин сүрөтү менен Биринчи президенттин күнү жөнүндө маалыматты камтыган билборд. Архивдик сүрөт.

Казакстанда Тунгуч президент Нурсултан Назарбаевдин күнүн мамлекеттик майрамдардын катарынан чыгарылып, Республиканын күнү расмий киргизилди. Тиешелүү мыйзам долбооруна 29-сентябрда президент Касым-Жомарт Токаев кол койду.

1990-жылдын 25-декабрында Казакстандын суверенитети жөнүндө декларация кабыл алынган. Анын текстин өлкөнүн Жогорку Совети жактырган жана бул күндү Республика күнү катары майрам катары бекиткен. Ал 2009-жылга чейин белгиленген жана ошол учурдагы президент Нурсултан Назарбаев кол койгон жарлыкка ылайык жоюлган эле.

2011-жылдын 10-декабрында парламент “Майрамдар жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизип, 1-декабрды Биринчи президенттин күнү деп бекиткен. Депутаттар мындай чечимди өлкөнүн ошол кездеги президенти Нурсултан Назарбаевдин “мамлекетке кылган кызматын көрсөтүү үчүн” кабыл алышканын айтышкан.

Он жылча убакыт белгиленген “Елбасы” күнүн расмий майрамдардын катарынан чыгаруу мыйзамдарын буга чейин Казакстандын парламентинин Мажилиси менен Сенаты жактырган.

Назарбаев 2019-жылы кызматтан кетип, өлкөнүн саясатына таасирлүү орунду – Коопсуздук кеңешинин төрагалыгын ээлеп калган. 2022-жылдын январында массалык нааразылыктар баш аламандыктарга айланып, кандуу окуяга айланган учурда бул кызматын президент Касым-Жомарт Токаевге өткөрүп берген. Мындан кийин Нурсултан Назарбаевдин жакындары да кызматтан кетип, айрымдары камалды.

18-сентябрда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев борбор шаарды Нур-Султан деген аталыштан кайра Астана деп алмаштыруу жөнүндө Конституцияга киргизилген өзгөртүүлөргө кол койду. Иш жүзүндө бул шаардын атын өзгөрткөн алтынчы чечим болуп калды. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG