Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:05

Депутат Сатыбалдиевге таандык үйдүн дарбазасы сүрдүрүлдү


Бишкек. Шүкүрөв көчөсү. Сатыбалдиевдики деген үйдүн дарбазасын буздуруу учуру. 2022-жылдын 29-сентябры.
Бишкек. Шүкүрөв көчөсү. Сатыбалдиевдики деген үйдүн дарбазасын буздуруу учуру. 2022-жылдын 29-сентябры.

Бишкекте Шүкүров көчөсүндө "кызыл тилкеден" ашырылып курулган бир нече дубал-дарбаза, анын ичинде Жогорку Кеңештин депутаты Элмурза Сатыбалдиевге таандык деген үйдүн дарбазасы бүгүн 29-сентябрда атайын курулуш техникасы менен сүрдүрүлдү.

“Азаттыктын” кабарчысы жеринен билдиргендей, депутаттын дарбазасы шаарга таандык муниципалдык жерге 2,5 метрге чейин ашырылып курулганы аныкталган.

Дарбазаны буздуруп жаткан жумушчулардын башында шаардын вице-мэри Нурдан Орунтаев болду.

“Биз бирөөгө жамандык каалап же бир адамдын аркасынан түшкөндөн алыспыз. Биз болгону жумушубузду так аткарып, элдин көйгөйүн чечип бергенге аракет кылабыз”, - деди ал “Азаттыкка”.

Шүкүров көчөсүндөгү дарбазасы сүрдүрүлө турган 71 үйдүн маселеси 28-сентябрда Жогорку Кеңештин транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш комитетинин отурумунда көтөрүлгөн. Депутат Сатыбалдиев Орунтаевге “Жашыл зонанын силерге эмне кереги бар?” деген суроо койгон. Вице-мэр жашыл зона жолдорду оңдоого берилген кытайлык грант долбоорунун алкагында иретке келтирилип жатканын, долбоорду өзгөртүш үчүн кайра кытай тарапка кайрылуу зарыл болорун айтып, экөө айтыша кеткен.

Шүкүров көчөсүндө “кызыл тилкеден” ашырып куруп алган 71 үйдүн 31инин ээси мэриянын талабын аткарганы, калгандары нааразы болуп жатышканы, арасында Сатыбалдиевге таандык да үй бар экени айтылган.

Бүгүнкү маалымат боюнча, сүрдүрүлө турган дагы жети дарбаза калды.

Депутат Сатыбалдиев бүгүнкү боюнча "Азаттыкка" комментарий берип, парламентте ошол жердин тургундарынын талабын гана жеткиргенин билдирди жана мэриянын аракетин мыйзамдуу деп атады.

Анын дарбазасы буздурулган үйү ушу тапта менчик бала бакча катары иштеп жатканы белгилүү болду. (TSh/RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG