Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:00

Парламентте Кумтөргө байланыштуу комиссия түзүү сунушу көтөрүлдү


Жогорку Кеңеш.
Жогорку Кеңеш.

Жогорку Кеңештин 28-сентябрдагы жыйынында "Ата-Журт-Кыргызстан" фракциясынын төрагасы, депутат Нурлан Шакиев Кумтөрдөн алтынын иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзүүнү сунуштады.

"Кумтөрдүн алтыны коомчулукта кызуу талкуу жаратып келди. Буга байланыштуу Министрлер кабинети дагы түшүндүрмө беребиз, алтындын граммына чейин айтабыз деди эле. Коомчулукта алтындын сатылышы, жалпы өндүрүлүшү, биздин өлкөнүн энчисине өткөндөн берки иш-аракеттери боюнча кызыгуу көп. Мен мындан улам депутаттык комиссия түзүүнү сунуш кылат элем. Ага фракция лидерлери жана ар бир фракциядан бирден депутат кирсин. Бизге көп кайрылуу, каттар бар. Маселени көз жаздымда калтырбай комиссия түзүшүбүз керек",-деди Шакиев.

Ал бул маселени 28-сентбярдагы жыйындын күн тартибине киргизүүнү сунуштады жана азырынча добуш берүү боло элек.

"Центерра Голд" компаниясы башкарып келген Кумтөр кенин Кыргызстандын бийлиги 2021-жылдын май айында өз карамагына алган. Кийин "Центерра Голд" компаниясынын директорлор кеңешинин мурдагы мүчөсү Тенгиз Бөлтүрүк "Кумтөр Голд Компани" ишканасына убактылуу сырттан башкаруучу болуп дайындалган.

2022-жылы февралда ишкананы убактылуу тышкы башкаруу укугу жаңы түзүлгөн "Улуу көчмөндөр мурасы" улуттук холдингине берилген. Ошол эле кезде Бөлтүрүк бул холдингдин жетекчиси бойдон калган. Башкы прокуратура 13-сентябрда Бөлтүрүк "Кумтөрдөгү" коррупцияга байланыштуу камалганын билдирген.

Кумтөрдүн алтыны боюнча “Азаттык” 26-августта макала жарыялаган. Анда расмий маалыматтарга таянуу менен Улуттук банк 2021-жылы чынында эле өз резервинде сакталып турган чоң көлөмдөгү алтынды сатканы, бирок ал 19 тоннаны түзбөй турганы белгиленген.

Кыргызстан алтынын кайсы убакта кайсы өлкөгө алып барып сатып жатканы тууралуу маалыматты ачыктабай турганын 27-августта “Кабар” улуттук маалымат агенттигине курган маегинде президент Садыр Жапаров билдирген. Ал "Кумтөр" баштаган бардык кендердин алтынын "Кыргызалтын" аркылуу Улуттук банк сатып аларын, аны чет өлкөгө алып барып, дүйнөлүк биржада сатып келип, кимден канча алтын алган болсо, акчасын кайтарып, эсептешип турарын, жылдын аягында "Кумтөрдөн" таза киреше казынага келип түшөрүн айткан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG