Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:28

ЭКӨУ: Украинадагы согуштун дүйнө экономикасына таасири оор болот


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюму билдиргендей, Орусиянын Украинага кол салышынын дүйнө экономикасына тийгизген кедергиси күтүлгөндөн да оор болот. Бул тууралуу уюмдун баш катчысы Матиас Корманн билдирди.

«Энергетикалык жана азык-түлүк базарларына катуу сокку урулду. Инфляция кескин жогорулады, ал эми глобалдык экономикалык өсүш жайлады. Дүйнө Орусиянын Украинага каршы агрессиясы үчүн жогору баа төлөп жатат»,- деди ал.

Мурда уюм 2023-жылы глобалдык өсүү 2,8% өсөт деп боолголосо, азыр бул көрсөткүч 2,2% төмөндөдү. 26-сентябрда жарык көргөн баяндамага ылайык, айрым мамлекеттерде быйылкы инфляциянын көрсөткүчү 1980-жылдардан берки эң жогорку чекке жеткен.

Матиас Корманндын айтымында, 2023-жылы «Чоң жыйырмага» кирген кубаттуу мамлекеттерде инфляция 6,6% болот деп боолголонууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG