Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:16

Чек арада талкаланган турак жайлардын короолору тазалана баштады


Баткендин Достук айылындагы талкаланган үйлөрдүн бири.
Баткендин Достук айылындагы талкаланган үйлөрдүн бири.

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кол салууда талкаланган жана зыян тарткан турак жайлардын короолорун тазалап, жаңы имараттарды салуу аракети башталды. Бул тууралуу 26-сентябрда "Азаттыкка" Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Калкты жана аймактарды коргоо башкармалыгынын башчысы Асан Сулайманов билдирип, Баткен районунун Ак-Сай, Капчыгай айылдарына, Лейлек районун Борбордук жана Максат айылдарына министрликтен төрт тайпа адистер тийиштүү техника менен жөнөтүлгөнүн айтты.

Сулаймановдун белгилешинче, Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы куралдуу кагылышта кыргыз айылдарынан 622 турак жай зыян тарткан. Анын 427си такыр жашоого жараксыз болуп калган, 195 үй оңдоп-түзөлүшү керек.

Андан сырткары, 11 административдик, стратегиялык объектилер, 323 мал сарай, сегиз мектеп, эки бала бакча, үч фельдшердик-акушердик пункт зыян тарткан. 197 жашоо тиричилик камсыздоочу объектилер талкаланып, өрттөлгөн. Ак-Суу дарыясындагы узундугу 36 метрлик унаа өтүүчү көпүрө жардырылып, 27 автоунаа өрттөлгөн же талкаланган. Кыргыз бийлиги жаңы үйлөрдү эки-үч айда курууну убада кылууда.

14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында кан төгүлгөн окуяны Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги "Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы" деп атаган. Тажикстан күнөөнү Кыргызстанга оодарды.

Кыргызстан кол салуудан бери дегенде 62 жаранынан айрылды, алардын кыркы аскер кызматкери. Жараат алгандардын расмий эсеби 200гө жакындады. Кыргыз айылдарынан коопсуз жайларга убактылуу көчүрүлгөндөр 140 миңден ашып, алардын көбү айылдарына кайта баштады.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны каза тапканын билдирди. "Озоди" радиосу өз булактарына таянып, 70 кишинин тизмесин жарыялады, жергиликтүү жашоочуларга шилтеме берип тажик айылдарында да дүкөн, турак жайлар өрттөлүп, талкаланганын жазды. Бул маалыматты көз каранды эмес булактан тактоо мүмкүн эмес болууда. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG