Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:50

Орус аскерлери чегинген Изюмдагы мүрзөдөн 436 сөөк чыгарылды


Изюмдун чет жакасындагы токойдон табылган массалык сөөк көмүлгөн жай.
Изюмдун чет жакасындагы токойдон табылган массалык сөөк көмүлгөн жай.

Украинанын полициясы Орусиянын аскерлери чегинген Изюм шаарынын жакасындагы массалык сөөк көмүлгөн жайдан өлүктөрдү эксгумациялоо иштерин аяктады. Бул тууралуу Украинанын полициясынын Башкы тергөө башкармалыгынын жетекчи орун басары Сергей Пантелеев атайын брифингде кабарлады.

Анын айтымында, мүрзөдөн жалпы 436 сөөк чыгарылды. Анын 202си аялдар, 189 эркектер жана бешөө балдар. 11 сөөк таптакыр талкаландыктан алардын жынысын аныктоо мүмкүн болгон эмес. Мындан сырткары ушул эле жайдан 21 дене аскерлерге тиешелүү экени аныкталды.

Башка жерден табылган сөөктөрдү кошкондо жалпы Харьков облусунан табылгандардын саны 460ты түздү. Алардын үчтөн биринин гана аты-жөнү аныкталды. Адамдардын тек жайын аныктоо иштери уланууда.

Харьков облусуна караштуу Изюм шаарынан орус аскерлери чегингенден кийин токойдон сөөктөр жапырт көмүлгөн жай 15-сентябрда табылган. Анда 440-450дөй адамдын сөөгү көмүлгөн болушу мүмкүн деп айтылган.

Орусиянын бийлиги Изюмда орус аскерлери чыгып кеткенден кийин табылган массалык сөөк көмүлгөн жайларды “жалган” деп атаган.

Украин бийлиги Изюмдагы кыргын Бучадагыдан эки эсе жаман экенин билдирип, Батыш өлкөлөрүн бул боюнча аскердик трибунал өткөрүүгө чакырды. АКШ, Франция, Германия, Канада баштаган өлкөлөрдүн жана Евробиримдиктин лидерлери Изюмдагы жайкын тургундардын кырылышын “жырткычтык” деп баалап, Орусиянын аракеттерин айыпташты. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG