Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:29

Кадыров Чеченстанда мобилизация 254% аткарылганын маалымдады


Рамзан Кадыров (ортодо)
Рамзан Кадыров (ортодо)

Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров республикада жалпы Орусияда жүрүп жаткан өнөктүк менен чогуу мобилизация болбой турганын, алар буга чейин эле планды 254%, ашыгы менен аткарып койгонун маалымдады. Бул тууралуу ал “атайын операция” боюнча штабдын кеңешмесинде билдиргенин "Грозный" мамлекеттик телеканалы кабарлады.

Кадыров өз позициясын кийинчерээк өзүнүн Телеграм-каналында да ырастап, Коргоо министрлигинин алдында түзүлгөн жаңы түзүмдөр менен ушул көрсөткүчтөргө жеткенин жазды.

“Биз бул механизмди башында эле, жарым-жартылай мобилизация башталганга чейин эле иштеп чыкканбыз. Мындан сырткары республикада миңдей ыктыярчылардын резерви бар. Зарыл болсо алар ата мекенди коргоочулардын катарына кошула алат”, – деп белгиледи Чеченстандын башчысы.

“Эркин Европа\ Азаттык радиосунун” “Кавказ.Реалии” долбоору жазгандай, Рамзан Кадыров 21-сентябрда Грозныйда мобилизацияга каршы митингге чыккан аялдар тууралуу да комментарийледи. Ал акцияга чыккан 40 аялдын жакындарынын баары мобилизацияга тартылып, Украинага жөнөтүлгөнүн билдирди. Кадыров “ким митингге чыкса, анын өзүн же күйөөсүн алдыңкы сапка жөнөтө турганын” кошумчалады.

21-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин жарым-жартылай мобилизация жарыялады. Коргоо министри Сергей Шойгу бул боюнча жарлыгынын алкагында 300 миңдей резервисттер аскерге тартыларын айткан. "Новая газета. Европа" басылмасы жарлыктын жашыруун деп мүнөздөлгөн 7-пунктуна ылайык, 1 миллионго жакын адам мобилизацияга тартыларын билдирди.

Мобилизациялык жарлыкка байланыштуу шаршемби күнү кечинде Орусиянын 38 шаарында нааразылык акциялары өтүп, 1400 адам кармалган. Кармалгандардын көбү Москвага жана Санкт-Петербург шаарларына туура келет. Аталган шаарларда полиция митингчилерге катуу чара көрүп, аларды желим куралдар менен сабады жана тизелетип, чөгөлөттү. Кармалгандардын арасында жабыркагандар да болду. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG