Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:41

Казакстандын ири банкы Орусиянын "Мир" картасын тейлебей калды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Казакстандын «Халык банкы» Орусиянын «Мир» төлөм системасынын карталарын кабыл алууну токтотконун 21-сентябрда "Известия" басылмасы жазды. Маалыматта мындай чечим Кошмо Штаттардын Каржы министрлигинин орусиялык төлөм системасынын Орусиядан башка аймактарда колдонулушун колдогондорго карата санкция жарыялоого даярдык тууралуу эскертүүсүнөн кийин жарыяланып жатканы белгиленди.

«Халык банктын» кардарларга колдоо көрсөтүү борбору орусиялык карталар терминал аркылуу да, банкомат аркылуу да тейленбей калганын билдирди.

19-сентябрда "Мир" системасы менен иштөөсүн убактылуу токтотконун Түркиянын Iş Bankası жана DenizBank деп аталган эки ири банкы жарыялаган болчу.

Өткөн аптада Financial Times басылмасы АКШ жана Европа Биримдиги Түркияга орусиялык банктарга, тагыраагы, орусиялыктарга Украинадагы согуш үчүн киргизилген санкцияларды кыйгап өтүүгө мүмкүнчүлүк берүүчү “Мир” системасы менен кызматташып келатканы үчүн басым жасап жатышканын жазган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG