Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:12

Путин Орусияда жарым-жартылай мобилизация жарыялады


Владимир Путин. Архивдик сүрөт.
Владимир Путин. Архивдик сүрөт.

Орусияда жарым-жартылай мобилизация жарыяланды. Өлкө президенти Владимир Путин тийиштүү жарлыкка кол койгонун 21-сентябрда орусиялыктарга жолдогон кайрылуусунда билдирди.

"Мекенибизди коргоо жана бүтүндүк үчүн жарым-жартылай мобилизацияны колдоо керек деп эсептейм", — деди Владимир Путин.

Мобилизациялык иш-чаралар 21-сентябрда башталары, аскерге запастагылар жана аскердик кызматтан өткөндөр чакырылары, алар кошумча даярдыктан өткөрүлөрү айтылды.

20-сентябрда Мамлекеттик Дума өлкөнүн Кылмыш-жаза кодексин “мобилизация”, “аскердик абал”, “аскердик мезгил” деген түшүнүктөр менен толуктап, дезертирлердин жазасын катуулата турган, туткунга өз ыктыяры менен өтүп кеткендерге, талап-тоноочулукка баргандарга жана коргонуу тармагындагы мамлекеттик буйрукту аткаруудан баш тарткандарга жаза мөөнөттөрүн аныктаган.

Ошол эле күнү Украинанын чыгышындагы орусиячыл жикчил аймактар 23-27-сентябрь күндөрү Орусиянын курамына кирүү тууралуу референдум өткөрүү чечимин кабыл алганы белгилүү болгон.

Бул окуялардын баары Украина Орусия басып алган аймактарды контрчабуул менен кайтарып алып жаткан учурга туш келүүдө.

Орусия Украинага быйыл 24-февралда кол салган. Айрым талдоочулар Кремль максатына мобилизациясыз жете албасын айтышкан. Буга чейин орус бийлиги жалпы мобилизация болбой турганын билдирген.

Орусияда миллиондон ашуун кыргызстандык бар, алардын 500 миңден ашууну орус жарандыгын алганы Жогорку Кеңеште айтылган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG