Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:35

Next TV телеканалынын директору шарттуу түрдө үч жылга соттолду


Next TV телеканалынын директору Таалайбек Дүйшөмбиев. 2022-жылдын 29-майы.
Next TV телеканалынын директору Таалайбек Дүйшөмбиев. 2022-жылдын 29-майы.

Бишкектин Биринчи Май райондук соту Next TV телеканалынын директору Таалайбек Дүйшөмбиевди күнөөлүү деп таап, үч жылдык пробациялык жаза мөөнөтүн чегерген чечим чыгарды. Өкүм бүгүн 21-сентябрдагы отурумда угузулуп, Дүйшөмбиев сот залынан бошотулду.

“Улут аралык кастыкты козутуу болгон эмес. Айыптоочу коюп жаткан айыбын сотто далилдей алган жок. Далил жети ай мурун жок болсо, азыр да жок. Айыптоочу кайсы улуттун ортосуна кастык козутулганын так айта алган жок”, - деди Дүйшөмбиев “Азаттык” радиосуна.

5-сентябрдагы соттук жараянда мамлекеттик айыптоочу аны жети жылга эркинен ажыратууну сураган жана күнөөсү далилденгенин билдирген.

Дүйшөмбиевдин адвокаттары өкүмгө макул эместигин билдирип, сөзсүз апелляциялык арыз берилерин айтышты.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) быйыл 3-мартта Next TV телеканалына каршы "Улут аралык кастыкты козутуу" деген айып менен иш козгоп, директорун камакка алган, телеканалдын эфири үзгүлтүккө учураган. Тергөөнүн пикиринде, телеканал Кыргызстан Орусияга Украина боюнча жардам бере турганы жөнүндө такталбаган маалымат жарыялаган.

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев маалымат таратууда этияттыкты сактоо жана стандарттарды кармануу керектигин билдирген.

Дүйшөмбиев УКМКнын тергөө абагында кармалып келди. (TSh/RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG