Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:42

14-17-сентябрдагы чек арадагы куралдуу жаңжалдын курмандыктары


Кыргызстандын маалыматына ылайык, 16-17-сентябрда Тажикстан менен чек арадагы куралдуу кагылышта мерт болгон кыргыз жарандарынын саны 62 адамга жетти. Алардын 50гө жакыны аскер кызматкери экени айтылууда. Маалыматтарга караганда, маркумдардын арасында 15 жаштагы окуучу кыз, киши колдуу болуп, кыйноо менен өлтүрүлгөн жай тургундар да бар.

Буга чейин, 19-сентябрда Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов чек арада Кыргызстан тараптан 40тай аскер кызматкери каза тапканын айткан.

20-сентябрда "Эркин Европа / Азаттык" радиосунун тажик кызматы да чек арадагы кагылышууда Тажикстан тарапта каза болгондор тууралуу тизмесин жарыялады.

"Азаттык" чек арада курман болгон, тек-жайы аныкталган айрым кыргыз жарандарынын тизмесин топтоду.

Гүлжигит Бектенов

Чек арада окко учкан Гүлжигит Бектеновдун (1995-2022) сөөгү 18-сентябрда Ноокенде жерге берилди.
Чек арада окко учкан Гүлжигит Бектеновдун (1995-2022) сөөгү 18-сентябрда Ноокенде жерге берилди.

Гүлжигит Бектенов 16-сентябрда Баткен районундагы "Достук" чек ара бекети аткыланган учурда курман болгон. 27 жаштагы капитан 2017-жылы Казакстандын Чек ара академиясын аяктаган. Ошол эле жылы Лейлек районундагы аскер бөлүгүндө "Бөрү" атайын отрядында кызмат өтөп баштаган. 2019-жылы "Даңк" медалы менен сыйланган.

Эламан Ураимов

Эламан Ураимовдун (1994 - 2022). Сүрөт соцтармактан алынды.
Эламан Ураимовдун (1994 - 2022). Сүрөт соцтармактан алынды.

Эламан Ураимов (1994 - 2022) Бишкектеги генерал-майор Дайыр Асанов атындагы аскер лицейин бүтүрүп, кийин Аскер институтун аяктаган. Эки жыл Жалал-Абад облусундагы "Скорпион" полкунда кызмат кылып, 2017-жылы Баткен облусундагы "Бужум" чек ара бекетине которулган. Батальондун командири болгон. Артында эки баласы калды.

Ачылбек Ташбеков

Ачылбек Ташбеков (1983 – 2022)
Ачылбек Ташбеков (1983 – 2022)

Ачылбек Ташбеков (1983 – 2022) Баткен шаарында туулган. Баткен шаарындагы аскер бөлүгүндө кызмат өтөп жаткан. Анын артында жубайы, эки уул, үч кызы калды.

Айбек Ысманов

Айбек Ысманов (1987 – 2022).
Айбек Ысманов (1987 – 2022).

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкери Айбек Ысманов (1987 – 2022) Баткен районунун Баткен айылында туулган. Ал 2022-жылдын 16-сентябрында кыргыз-тажик чек арасында болгон кагылышууда курман болгон. Артында үч уулу жана жубайы калды.

Жаныбек Якубов

Жаныбек Якубов (30.06.1997 - 17.09.2022).
Жаныбек Якубов (30.06.1997 - 17.09.2022).

Жаныбек Якубов (30.06.1997 - 17.09.2022) Лейлек районунун Маргун айылында туулган. 17-сентябрда Лейлек районунун аймагында Жаныбек бараткан аскердик машинага миномет тийип, набыт болгон.

Муктарбек Сулайманов

Муктарбек Сулайманов (1997-2022).
Муктарбек Сулайманов (1997-2022).

Муктарбек Сулайманов (1997-2022) Алай районунун Гүлчө айылында туулган. 16-сентябрда кызмат өтөп жаткан учурда курман болду.

Нурсултан Жаныбеков

Нурсултан Жаныбеков (1995 –2022).
Нурсултан Жаныбеков (1995 –2022).

Нурсултан Жаныбеков (1995 –2022) Нарын районунун Оттук айылында туулган. "Көк-Айгыр" чек ара кызматында, "Бөрү" атайын даярдалган отрядында кызмат өтөгөн. 2022-жылдын 23-мартында Баткен облусундагы Раззаков шаарына кызмат өтөөгө жиберилген.

Акылбек уулу Баяман

Акылбек уулу Баяман (1995 – 17.09.2022).
Акылбек уулу Баяман (1995 – 17.09.2022).

Акылбек уулу Баяман (1995 – 17.09.2022) Ала-Бука районунун Жапа-Салды айылында туулган. "Бөрү" атайын даярдалган отрядында кызмат өтөп жатканда курман болду.

Бекмырза Шарабидин уулу

Бекмырза Шарабидин уулу (1996 – 16.09. 2022).
Бекмырза Шарабидин уулу (1996 – 16.09. 2022).

Бекмырза Шарабидин уулу (1996 – 16.09. 2022) 2015-жылы Улуттук гвардияда бир жыл кызмат өтөп, 2016-жылдан бери келишимдик негизде УКМКга караштуу Чек ара кызматында аскер кызматкери болуп иштеп келе жаткан. Алгач "Маданият" чек ара бекетинде иштеп жүрүп, 2020-жылы Лейлектеги "Кулунду" чек ара бекетине которулган. 16-сентябрда Бекмырза Шарабидин уулу кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта Лейлектеги "Кулунду" чек ара бекетин аткылоодо курман болгон.

Бектур Ыслам уулу

Бектур Ыслам уулу (07.01.1991 – 17.09.2022).
Бектур Ыслам уулу (07.01.1991 – 17.09.2022).

Бектур Ыслам уулу (07.01.1991 – 17.09.2022) Баткендеги 2001-аскер бөлүгүнүн "Лейлек автожол" көзөмөл-өткөрүү бекетинин улук көзөмөлдөөчүсү, прапорщик. Бектурдун артында эки баласы, кош бойлуу келинчеги калды.

Чыңгыз Акчалов

Чыңгыз Акчалов.
Чыңгыз Акчалов.

Чыңгыз Акчалов (1998-2022) Талас облусунун Манас районуна караштуу Бала-Саруу айылында туулган. 2016-жылы орто мектепти аяктагандан кийин Бишкек шаарындагы Калыйнур Үсөнбеков атындагы аскер институтунда окуган. 2020-жылы Ош облусундагы аскер бөлүгүндө эмгектенген. 2021-жылы Баткен облусуна которулуп, чек ара кызматына өткөн. 2022-жылы ага лейтенант аскердик чинин алып, зениттик-ракеталык батареянын командири болгон.

Баатырбек Райимкул уулу

Баатырбек Райимкул уулу (1970 -2022).
Баатырбек Райимкул уулу (1970 -2022).

Баатырбек Райимкул уулу (1970 -2022) Тажикстандын мурдагы Мургаб, азыркы Сары-Кол районунда туулган. “Бөрү” атайын багыттагы отрядынын чалгынчы-фельдшери болуп кызмат өтөп жаткан.

Баатырбек Райимкул уулу 2014-жылы кызматтык парзын аткарууда көрсөткөн каармандыгы үчүн "Эрдик" медалы менен сыйланган.

Нурбек Баратов

Нурбек Баратов (2003 – 2022).
Нурбек Баратов (2003 – 2022).

Нурбек Баратов (2003 – 2022) Сүлүктү шаарында туулган. Лейлектеги "Кулунду" чек ара бекетинде кызмат өтөп жаткан. Үй-бүлөдө үч бир тууган болчу. Артында ата-энеси жана эки карындашы калды.

Акадил Канатбеков

Акадил Канатбеков (14.07.1999 - 17.09.2022).
Акадил Канатбеков (14.07.1999 - 17.09.2022).

Акадил Канатбеков (14.07.1999 - 17.09.2022) Ысык-Көл облусунун, Жети-Өгүз районунун Тосор айылында туулган. Ушул жылдын апрель айынан баштап Баткен чек арасында кызмат өтөп жаткан.

Апсамат Жекшенбек уулу

Апсамат Жекшенбек уулу (1998 - 2022).
Апсамат Жекшенбек уулу (1998 - 2022).

Апсамат Жекшенбек уулу (1998 - 2022) Ат-Башы районуну Терек-Суу айылында туулган. Маргун айылындагы атышууда ок тийип курман болгон.

Алишер Набиев

Алишер Набиев (2000 - 2022).
Алишер Набиев (2000 - 2022).

Алишер Набиев (2000 - 2022) Лейлек районун Кулунду айылында туулган. Ал чек ара кызматында келишим менен кызмат өтөп жаткан.

Манас Батырбеков

Манас Батырбеков (24.08.1995 - 16.09.2022).
Манас Батырбеков (24.08.1995 - 16.09.2022).

Манас Батырбеков (24.08.1995 - 16.09.2022) кенже сержант. Баткендеги аскер бөлүгүндө кызмат өтөп жүргөн.

Эрлан Турсунбаев

Эрлан Турсунбаев (23.04.1991 - 18.09.2022).
Эрлан Турсунбаев (23.04.1991 - 18.09.2022).

Эрлан Турсунбаев (23.04.1991 - 18.09.2022) Чүй облусунун Кара-Балта шаарында туулган. 2015-жылы Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетине караштуу Чек ара академиясына тапшырып, 2019-жылы ийгиликтүү аяктаган. Ошол эле жылы Баткен облусундагы чек ара аскердик бөлүктүн башчысынын орун басары катары кызматка жөнөтүлүп, ошондон бери кызмат өтөп келе жаткан.

Дурус Каныбек уулу

Дурус Каныбек уулу (03.07.1991-16.09.2022).
Дурус Каныбек уулу (03.07.1991-16.09.2022).

Дурус Каныбек уулу (03.07.1991-16.09.2022) улук сержант. ИИМге караштуу аскер бөлүгүндө кызмат өтөп жаткан.

Айбек Абдилабеков

Айбек Абдилабеков (22.03.1993 - 16.09.2022).
Айбек Абдилабеков (22.03.1993 - 16.09.2022).

Айбек Абдилабеков (22.03.1993 - 16.09.2022) катардагы жоокер. ИИМге караштуу аскер бөлүгүндө кызмат өтөп жаткан.

Мыктыбек Мурзажанов

Мыктыбек Мурзажанов (17.02.1999-16.09.2022).
Мыктыбек Мурзажанов (17.02.1999-16.09.2022).

Мыктыбек Мурзажанов (17.02.1999-16.09.2022) Ички иштер министрлигинин атайын багыттагы полкунун кызматкери, милициянын улук сержанты. Мыктыбек Мурзажанов 2019-жылдан бери Баткен облусунда жайгашкан атайын багыттагы полкто кызмат өтөп жүргөн.

Амангелди Балыкчиев

Амангелди Балыкчиев (28.09.2002 - 17.09.2022).
Амангелди Балыкчиев (28.09.2002 - 17.09.2022).

Амангелди Балыкчиев (28.09.2002 - 17.09.2022) Кемин районунун Бообек айылында туулган.

Бейкут Алмаз уулу

​Бейкут Алмаз уулу (06.03.1996 - 16.09.2022).
​Бейкут Алмаз уулу (06.03.1996 - 16.09.2022).

Бейкут Алмаз уулу (06.03.1996 - 16.09.2022) Нарын районунун Эчки-Башы айылында туулган. 2013-жылы Бишкектеги жогорку аскер институтуна тапшырып, окууну 2017-жылы ийгиликтүү аяктап, Баткен облусунун чек ара тозотуна бөлүнгөн. 2021-жылдын апрелиндеги Баткен коогалаңында жарадар болуп, анда көрсөткөн эрдиги үчүн "Эрдик" медалы менен сыйланган.

Мирлан Какеев

Мирлан Какеев (08.03.1988 - 16.09.2022).
Мирлан Какеев (08.03.1988 - 16.09.2022).

Мирлан Какеев (08.03.1988 - 16.09.2022) Нарын районунун Куланак айылында туулган. Чүй облусунун Аламедин районундагы Константиновка айылынын тургуну болчу. Ушул жылдын июнь айынан бери келишимдин негизде Баткендеги аскер бөлүгүндө кызмат өтөп жаткан. Мирландын артында эки баласы калды.

Нурислам Карыбеков

Нурислам Карыбеков (17.03.2003 - 16.09.2022).
Нурислам Карыбеков (17.03.2003 - 16.09.2022).

Нурислам Карыбеков (17.03.2003 - 16.09.2022) Сузак районундагы Багыш айыл аймагына караштуу Октябрь айлынында туулган. Баткен облусунун Лейлек районунда "Бөрү" отрядында кызмат өтөгөн. Бир айдан кийин кызматы аяктап, аскерден үйүнө кайтып бармак.

Асатбек Арыстаналы уулу

Асатбек Арыстаналы уулу (2003-2022).
Асатбек Арыстаналы уулу (2003-2022).

Асатбек Арыстаналы уулу (2003-2022) Ала-Бука районунун Теңги айылында туулган. УКМКнын Чек ара кызматынын Баткендеги бөлүгүнүн "Капчыгай" чек ара бекетинде аскердик милдетин аткарып жаткан. Арыстаналы уулу аскерге 2021-жылы 17-сентябрда чакырылган.

Даниэл Малашев

Даниэл Малашев (1998 - 2022).
Даниэл Малашев (1998 - 2022).

Даниэл Малашев (1998 - 2022) Сузак районунун Кара-Чолок айылында туулган. Үй-бүлөнүн жалгыз уулу эле.

Жеңишбек Иманбеков

Жеңишбек Иманбеков (09.05.2000 - 2022).
Жеңишбек Иманбеков (09.05.2000 - 2022).

Жеңишбек Иманбеков (09.05.2000 - 2022) Нарын облусунун Жумгал районунун Миң-Куш айылында туулган. 2019-жылы аскерге чакырылып, ошол бойдон келишимдик негизинде кызмат өтөөсүн улантып калган.

Илимбек Мурзаев

Илимбек Мурзаев (13.03. 1995 - 16.09.2022).
Илимбек Мурзаев (13.03. 1995 - 16.09.2022).

Илимбек Мурзаев (13.03. 1995 - 16.09.2022) Баткен шаарында туулган. Бужумдагы “Бөрү” атайын отрядында айдоочу болуп иштегенине беш ай болгон. Келишимдик негизинде кызмат өтөп жаткан. Андан мурун Улуттук гвардияда кызмат өтөп жүргөн. Артында бир кызы калды.

Бекболсун Ырысбек уулу

Бекболсун Ырысбек уулу (23.10.2000 - 17.09.2022).
Бекболсун Ырысбек уулу (23.10.2000 - 17.09.2022).

Бекболсун Ырысбек уулу (23.10.2000 - 17.09.2022) Ош облусундагы Кара-Суу районунун Кызыл-Абад айылында туулган. Бекболсун үй-бүлөдө беш бир туугандын эң кенжеси эле. Үч эжеси, агасы бар. 9-классты аяктагандан кийин Ош мамлекеттик университетинин алдындагы Кыргыз-Кытай коллежин аяктаган. Ал армияга кызмат өтөгөнү кетип, ошол бойдон Баткенде калган. Бир жумадан кийин айылына кайтып келмек.

Рамазан Бактияр уулу

Рамазан Бактияр уулу (2000- 18.09.2022).
Рамазан Бактияр уулу (2000- 18.09.2022).

Рамазан Бактияр уулу (2000- 18.09.2022)​ Талас облусунун Манас районунун Ичке-Суу айылында туулган. Баткен облусундагы “Кулунду” аскер бөлүгүндө 2020-жылдан бери келишимдин негизинде кызмат өтөп жаткан. Үч бир туугандын улуусу.

Мирлан Ниязов

Мирлан Ниязов (1987- 15.09.2022).
Мирлан Ниязов (1987- 15.09.2022).

Мирлан Ниязов (1987- 15.09.2022) Ош облусундагы Кара-Суу районунун Кыргызстан айылында туулган. Кенже сержант кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта курман болду.

Данил Таалайбек уулу

Данил Таалайбек уулу (26.09.2002 - 17.09.2022).
Данил Таалайбек уулу (26.09.2002 - 17.09.2022).

Данил Таалайбек уулу (26.09.2002 - 17.09.2022) Баткен районунун Ак-Сай айылында туулган. “Капчыгай” чек ара бөлүгүндө кенже сержант болуп кызмат өтөп жаткан. Үй-бүлөдө үч бир тууган.

Асат Полотов

Асат Полотов (2003 - 2022).
Асат Полотов (2003 - 2022).

Асат Полотов (2003 - 2022) Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука районунун Теңги айылында туулган. 2021-жылдын 17-сентябрында Айдаркен аскер бөлүгүнө аскерге чакыртылган. Ал "Капчыгай" чек ара тозотунда өз милдетин аткарып жатып, 18-сентябрда 19 жашында көз жумду.

Умарбек Курманбеков

Умарбек Курманбеков (23.03.2002 - 17.09.2022).
Умарбек Курманбеков (23.03.2002 - 17.09.2022).

Умарбек Курманбеков (23.03.2002 - 17.09.2022)​ катардагы жоокер. Базар-Коргон районунун Коткор айылында туулган. 2021-жылдын сентябрь айында аскерге чакырылып, үч күндөн кийин кызматын аяктап, үйүнө кайтып келмек. Баткен чек арасындагы аскер бөлүгүндө кызмат өтөп жаткан.

Наркозу Мамасадыков

Наркозу Мамасадыков (2001 - 2022).
Наркозу Мамасадыков (2001 - 2022).

Наркозу Мамасадыков (2001 - 2022) Кадамжай районунун Чечме айылында туулган. Чек ара кызматынын атайын багыттагы "Бөрү" отрядынын прапорщиги, Ак-Сайдагы ок атышууда окко учкан.

Нургазы Мамытов

Нургазы Мамытов.
Нургазы Мамытов.

Нургазы Мамытов Миталипович (5.05.1988 - 2022) прапорщик. Баткен районунун Ак-Татыр айылында туулган. Баткен районунун Орто-Боз чек ара тозотунун фельдшери эле.

Рашид Бердибаев

Рашид Бердибаев.
Рашид Бердибаев.

Бердибаев Рашид Жеңишбекович (2003-2022) Кара-Кулжа районунун Карагуз айылдык аймагынын Жетим-Дөбө айылында туулган. 2021-жылы аскерге чакырып, Баткендеги чек ара тозотторунда кызмат өтүп жаткан.

Данияр Казакбаев

Данияр Казакбаев.
Данияр Казакбаев.

Казакбаев Данияр Алтынбекович (1998-2022) УКМКнын Чек ара кызматынын прапорщиги. Чүй облусунун Чүй районунун Алчалуу айылында туулган.

Нургазы Боркошов

Нургазы Боркошов.
Нургазы Боркошов.

Боркошов Нургазы Имамалиевич (1987 -16.09. 2022) УКМКнын Чек ара кызматынын прапорщиги. Артында жубайы, эки уул, эки кызы калды.

Махаматжан Мапаев

Махаматжан Мапаев.
Махаматжан Мапаев.

Мапаев Махаматжан Тургунбаевич (11.07.1980 - 16.09.2022) Баткен шаарында туулган. Чек ара кызматында кызмат өтөп жатып, 16-сентябрь күнү миномёттук аткылоодон оор жаракат алып, курман болду. Артында үч уул, бир кызы калды.

Медет Абдумалик уулу

Медет Абдумалик уулу (25.10.1991 - 2022).
Медет Абдумалик уулу (25.10.1991 - 2022).

Медет Абдумалик уулу (25.10.1991 - 2022) прапорщик. Лейлек районунун Кулунду айылында туулган. Чек ара кызматында жети жылдан бери иштеп жаткан. Лейлек районунун "Арка" тозотунда кызмат өтөп жаткан.

Айдарбек Айбеков

Айдарбек Айбеков.
Айдарбек Айбеков.

Айдарбек Айбеков (22.06. 2003-2022) Токтогул районунун Кызыл-Өзгөрүш айылында туулган. 2021-жылы сентябрь айында аскерге чакырылып, Баткендеги чек ара бөлүгүндө кызмат өтөп жактан.

Марат Ташмурзаев

Марат Ташмурзаев (2002 – 2022).
Марат Ташмурзаев (2002 – 2022).

Марат Ташмурзаев (2002 – 2022) Баткен облусуна караштуу Айдаркен шаарында төрөлгөн. Үй-бүлөдө жалгыз уул эле.

Кулатбек Абдисамат уулу

Кулатбек Абдисамат уулу (09.01.1991 - 16.09.2022).
Кулатбек Абдисамат уулу (09.01.1991 - 16.09.2022).

Кулатбек Абдисамат уулу (09.01.1991 - 16.09.2022) Баткен районуну Ак-Татыр айылында туулган. Беткен районунун “Ортобоз” чек ара тозотунун айдоочусу. Анын артында эки кыз, үч уулу калды.

Элзада Мананова

Элзада Мананова (2007 - 16.09.2022).
Элзада Мананова (2007 - 16.09.2022).

Элзада Мананова (2007 - 16.09.2022) Лейлек районундагы Достук айылынын тургуну. 15 жаштагы окуучу кыз айылдан үй-бүлөсү менен Маргун айылын көздөй качып бара жаткан учурда ок жаңылган. Жакындары кыздын сөөгүн Маргун айылында жерге берди.

Муктарбек Зулпукаров жана уулу Мыктыбек Авроров

Муктарбек Зулпукаров жана анын уулу Мыктыбек Авроров.
Муктарбек Зулпукаров жана анын уулу Мыктыбек Авроров.

Ата-бала - 57 жаштагы Муктарбек Зулпукаров жана анын 22 жаштагы уулу Мыктыбек Авроров Ак-Сай айылынын тургундары.

Матиса Надыров

Матиса Надыров.
Матиса Надыров.

Ак-Сай айылынын тургуну, ишкер 56 жаштагы Матиса Надыров өзү иштеткен тоок фермасында өлтүрүлгөн.

Курбанбек Дубанаев

Курбанбек Дубанаев.
Курбанбек Дубанаев.

54 жаштагы Курбанбек Дубанаев​ Ак-Сай айылынын тургуну. Артында бир кызы калды.

Шерали Анаркулов жана Жаңыбай уулу Тилек

16-17-сентябрдагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта курман болгон УКМКнын Чек ара кызматынын аскер кызматкерлери Шерали Анаркуловдун, Санжарбек Анаркуловдун жана Жаңыбай уулу Тилектин сөөгү 26-сентябрда “Ата-Бейит” Улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинде жерге берилди.

Шерали Анаркулов.
Шерали Анаркулов.

Алар аткылоонун натыйжасында танктын ичинде тирүүлөй күйүп кетишкен. Сөөктөрдү аныктоо үчүн тийиштүү экспертизалар жасалган.

Санжар Анаркулов

Санжар Анаркулов (1995 - 2022).
Санжар Анаркулов (1995 - 2022).

Санжар Анаркулов (1995 -2022) Баткен шаарында туулган. Достук айылындагы чек ара тозотунда кызмат өтөп жаткан.

Азамат Мирзакулов

Азамат Мирзакулов (2003 -2022)
Азамат Мирзакулов (2003 -2022)

Азамат Мирзакулов (2003 -2022) Айдаркендеги “Капчыгай” чек ара тозотунда кызмат өтөп жаткан.

(тизме толукталат)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG