Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:38

Баткенде алгачкы эсеп боюнча 364 турак жай жабыркаганы кабарланды


Куралдуу кол салуудан талкаланган үй. Миң-Булак айылы, Баткен району. 19-сентябрь, 2022-жыл.
Куралдуу кол салуудан талкаланган үй. Миң-Булак айылы, Баткен району. 19-сентябрь, 2022-жыл.

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) 14-17-сентябрь күндөрү куралдуу кагылышууда Баткен облусунда талкаланган турак жай, мектеп, бала бакча жана башка социалдык мекемелердин санын тактоону улантууда.

"Алдын ала эсеп боюнча 364 турак жай, 168 чарбалык имараттар, беш мектеп, үч бала бакча, бир ФАП, беш администрациялык мекеме жабыркады", - деди ӨКМдин Куткаруучуларды даярдоо мамлекеттик борборунун башчысы Ырысбек Жолдошбаев 20-сентябрда журналисттерге маалымат берип жатып.

Жолдошбаевдин айтуусунда, алардын ичинен калыбына келтирүүгө мүмкүн болбогон имараттар толук сүрдүрүлүп, жаңыдан курулат.

14-17-сентябрдагы куралдуу кол салуудан талкаланган аймактарды калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссия түзүлгөн. Аны Кыргызстандын министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров жетектейт. Жапаров "Азаттыкка" комиссия ишин баштап, жаңжалда келтирилген чыгымды эсептеп жатканын билдирген.

"Талкаланган объекттердин баары кышка чейин калыбына келтирилет. Аскерлер казармаларга, жарандарыбыз жаңы үйлөргө киргизилет. Эң зарыл болгон объекттерди 40 күндүн ичинде калыбына келтиргенге максат кылып жатабыз", - деген Жапаров.

18-сентябрда президент Садыр Жапаров "Баткен жана Ош облустарынын административдик-аймактык бирдиктерин калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча биринчи кезектеги чаралар жөнүндө" жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, эки облуста болгон куралдуу кагылыштан жабыр тарткандарга жардам берүү, талкаланган объекттерди калыбына келтирүү өкмөткө тапшырылган.

Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку куралдуу кагылышуудан Кыргызстанда 59 адам мерт кеткени расмий кабарланды. 183 адам түрдүү жараат алды. 140 миңден ашуун адам коопсуз жактарга эвакуацияланды.

Тажикстандын бийлиги 41 жараны мерт кеткенин 19-сентябрда расмий маалымдады. "Озоди" радиосу жергиликтүү жашоочуларга шилтеме берип тажик айылдарында да дүкөн, турак жайлар талкаланганын жазды.

Бул маалыматтарды көз карандысыз башка булактардан тастыктоого мүмкүн болбой жатат.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG