Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:26

Пакистандын экс-премьерине тагылган террорчулук боюнча айып кайра алынды


Имран Хан тарапкерлери менен. Исламабад, Пакистан.
Имран Хан тарапкерлери менен. Исламабад, Пакистан.

Пакистандын соту мурдагы премьер-министр Имран Ханга тагылган террорчулук боюнча айыпты алып салды. Бул тууралуу анын адвокаты Фейсал Чаудри журналисттерге кабарлады.

Мурдараак полиция Хандын жардамчысы Шахбаз Гиллди мамлекеттик чыккынчылыкка айыптап, камакка алган. Буга байланыштуу сөздөрүндө Имран Хан жардамчысы камакта кыйноого алынып жатканын билдирип, полицияны жана судьяны сотко берерин айтып чыккан. Ал Гиллдин ишин карап жаткан сотко катуу эскертүү берген.

Полиция Хандын сөздөрүндө террордук чакырыктар болгон деп айып тагып, ага кылмыш ишин козгогон. Адвокат Фейсал Чаудринин айтымында, сот экс-премьердин кебинен террорчулукка байланыштуу нерселерди жок деп тапты. Иш мындан ары катардагы сотто карала турган болду.

Үч жылдай бийликте отурган мурунку крикет жылдызы Имран Ханга 10-апрелде парламент ишенбөөчүлүк көрсөтүп, кызматтан кетүүгө аргасыз болгон. Добуш берүү түн ортосунда болуп, анын ордуна Пакистан Мусулман лигасы партиясынын лидери Шахбаз Шариф бекитилген. Хан жаңы өкмөттү тааныбай турганын билдирген жана кайрадан парламенттик шайлоо өткөрүүнү талап кылган. Шариф мындай талапты четке кагып, шайлоо өз мөөнөтүндө – 2023-жылы өтөрүн айткан.

Май айында Имран Хандын тарапташтары менен полициянын ортосунда кагылышуу болуп, тартип коргоочулар демонстранттарга жаш чыгарчу газ чачкан. Анда эки миңдей адам кармалып, бир бөлүгү кайра бошотулган.

Имран Хан саясий кризистин тутанышын АКШдан көрүп келет. Ал Кытай жана Орусия менен жакындаганы үчүн Вашингтон ага каршы кутум уюштурду деп эсептейт. Бирок буга эч кандай далил келтире алган эмес. АКШ мындай дооматтардын баарын четке каккан. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG