Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:30

Кыргызстанда аскер жана милиция кызматкерлеринин маянасы көбөйөт


Чек арачы аскер. Иллюстрациялык сүрөт.
Чек арачы аскер. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүндө, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине караштуу Чек ара кызматында, укук коргоо органдарында иштеген кызматкерлердин айлык акысы 1-октябрдан тарта көбөйөт.

Бул тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров бүгүн, 19-сентябрда кол койду.

"2022-жылдын 1-октябрынан тартып прокуратура кызматкерлерин кошпогондо, Кыргызстандын аскер кызматчыларына жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине кызмат өтөө үчүн үстөктөрү жылдык эмгек акы фондунун 80% чейин жогоруласын", - деп жазылган жарлыкта.

Маалымат президенттин сайтында жарыяланды. Президенттин бул жарлыгы Баткенде кыргыз-тажик чек арасында куралдуу жаңжал болгондон кийин чыкты. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG