Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:37

Баткенде зыян тарткан мектептерде окууну улантууга азырынча мүмкүн эмес


Лейлек районундагы Максат айылына атылган снаряддын калдыгы. 19-сентябрь, 2022.
Лейлек районундагы Максат айылына атылган снаряддын калдыгы. 19-сентябрь, 2022.

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кол салуудан улам зыян тарткан ондогон мектептерде окууну улантуу мүмкүн болбой турат. Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекованын айтымында, Лейлек районунда Тажикстан менен чектеш аймактарда жайгашкан 26 мектепте, 30 бала бакчада, Баткен районундагы 8 мектепте жана бир бала бакчада, Баткен шаарындагы бардык мектептерде окуу процесси баштала элек.

Жусупбекова Жогорку Кеңештин Социалдык саясат комитетинде берген маалыматка ылайык, Баткен районундагы сегиз мектептин жана бир бала бакчанын терезелери, чатырлары талкаланган. Лейлекте канча мектеп зыян тартканы такталып бүтө элек. Министрдин орун басары калабада жарадар болгондордун арасында мугалимдер да бар экенин билдирди.

Лейлекте 40 мектеп менен 23 бала бакча 19-сентябрда ачылды. Кадамжай районунда, Сүлүктү, Кызыл-Кыя шаарларында бардык мектептер ушул күнү окууну баштады.

Ош облусунун Чоң-Алай районунан коопсуз жака убактылуу көчүрүлгөн эл үйлөрүнө кайтып бара электигине байланыштуу беш мектеп жабык турат. Жергиликтүү тургундарды үйлөрүнө кайтаруу боюнча бийликтин чечимине жараша окууну улантуу датасы аныкталат.

Расмий маалыматка ылайык, куралдуу кол салууда 59 кыргызстандык набыт болду. Арасында лейлектик 15 жаштагы окуучу кыз да бар. Бери дегенде 163 киши жарадар болду.

Тажик бийлиги 30дай тажикстандык каза тапканын, алардын көбү жайкын тургундар экенин маалымдаган.

Кыргыз-тажик чек арасында 14-сентябрда башталган кагылыш 16-сентябрда курчуп кеткен. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги окуяны "Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы" деп атады. Анын алдында Тажикстан Кыргызстанды ушундай эле мазмунда айыптаган билдирүү жарыялаган.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) 19-сентябрга караган түн тынч өткөнүн, бирок абал чыңалуу экенин билдирген. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG