Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:41

Чек арадагы атышууда мерт болгондордун төртөө ИИМ кызматкерлери


Тажикстандын кол салуусунан улам Баткенде күч түзүмдөрү күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп жатат.
Тажикстандын кол салуусунан улам Баткенде күч түзүмдөрү күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп жатат.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) билдиришинче, кыргыз-тажик чек арасындагы соңку куралдуу кагышта мерт болгондордун төртөө ИИМдин Ички аскерлеринин кызматкерлери. Мындан улам күч түзүмү улук сержант Дурус Каныбек уулунун, кенже сержант Манас Баатырбековдун, улук сержант Ачылбек Ташбековдун жана катардагы жоокер Айбек Абдилабековдун туугандарына жана жакындарына көңүл айтты.

Чек арадагы соңку куралдуу кагылышта бери дегенде 59 адам мерт болуп, дагы 144 киши жараат алды. 140 миңден ашуун адам коопсуз жайга убактылуу көчүрүлдү.

Улуттук коопсуздук комитетине караштуу (УКМК) Чек ара кызматы 19-сентябрь, саат 08.00го карата кыргыз-тажик чек арасындагы жагдай тууралуу маалымат берди. Ага ылайык, 18инен 19-сентябрга караган түн тынч өттү, бирок абал дагы деле чыңалып турат.

Чек арадагы куралдуу кагылышка байланыштуу 19-сентябрда Кыргызстан аза күтөт. Бул күнү өлкөдө, чет өлкөдөгү дипломатиялык жана консулдук мекемелердин имараттарында Кыргызстандын туусу ылдый түшүрүлөт. Маданий жайларда, маалымат каражаттарында оюн-зоок иш-чаралары, көңүл ачуучу берүүлөр токтотулат.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) 14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында болгон окуяны "Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы" деп атады. Тажик тарапты Кыргызстандын өзүн коргоо аракетин дискредитациялоого багытталган ири масштабдагы жалган маалыматтык өнөктүк уюштурду", - деп айыптады.

Анын алдында Тажикстандын ТИМи Кыргызстанды ушундай эле мазмунда айыптаган билдирүү жарыялаган.

Тажик бийлиги 14-сентябрдан бери 32 тажик жараны каза тапканын, алардын көбү жайкын тургундар экенин билдирди. Буга чейин "Озоди" радиосу өз булактарына таянып, чек арада 39 киши өлгөнүн кабарлаган.

Маалыматты көз карандысыз башка булактардан тактоого азырынча мүмкүн болбой турат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG