Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:48

Ажикеев: Баткенде дайынсыз болуп жаткан төрт адам табылды


Чек арадагы соңку куралдуу кагылышта бери дегенде 59 адам мерт болуп, дагы 144 киши жараат алды. Лейлек, 18-сентябрь, 2022-жыл.
Чек арадагы соңку куралдуу кагылышта бери дегенде 59 адам мерт болуп, дагы 144 киши жараат алды. Лейлек, 18-сентябрь, 2022-жыл.

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевдин "Азаттыкка" билдиришинче, кыргыз-тажик чек арасындагы соңку куралдуу кагылыштан улам төрт адамдын дайыны чыкпай жаткан. Алардын баары жекшембиде табылды.

"Тоо тарапты көздөй качып кетип, ошол жакта бекинип жаткан экен. Биз аларды бекинген жерлерден таптык. Аларга тик учак жөнөтүп, эавкуация жумуштарын жүргүзүп, Баткенге түшүрүп алдык",-деди министр.

Чек арадагы куралдуу кагылышка байланыштуу 19-сентябрда Кыргызстан аза күтөт.

Ага ылайык, бул күнү өлкөдө, чет өлкөдөгү дипломатиялык жана консулдук мекемелердин имараттарында Кыргызстандын туусу ылдый түшүрүлөт. Маданий жайларда, маалымат каражаттарында оюн-зоок иш-чаралары, көңүл ачуучу берүүлөр токтотулат.

Чек арадагы соңку куралдуу кагылышта бери дегенде 59 адам мерт болуп, дагы 144 киши жараат алды. 140 миңден ашуун адам коопсуз жайга убактылуу көчүрүлдү.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) 14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында болгон окуяны "Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы" деп атады. Тажик тарап Кыргызстандын өзүн коргоо аракетин дискредитациялоого багытталган ири масштабдагы жалган маалыматтык өнөктүк уюштурду", - деп айыптады.

Анын алдында Тажикстандын ТИМи Кыргызстанды ушундай эле мазмунда айыптаган билдирүү жарыялаган.

Тажик бийлиги 14-сентябрдан бери 32 тажик жараны каза тапканын, алардын көбү жайкын тургундар экенин билдирди. Буга чейин "Озоди" радиосу өз булактарына таянып, чек арада 39 киши өлгөнүн кабарлаган.

Маалыматты көз карандысыз башка булактардан тактоого азырынча мүмкүн болбой турат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG