Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:18

Орус абактарынан Украинадагы согушка 3 миңдей адам жөнөтүлгөнү кабарланды


Абактардан адамдарды согушка тартуу учуру. Азгыруу иштерин алып барып жаткан Евгений Пригожин тартылган видео.
Абактардан адамдарды согушка тартуу учуру. Азгыруу иштерин алып барып жаткан Евгений Пригожин тартылган видео.

Орусиянын президентинин алдындагы Адам укуктары кеңешинин алты мүчөсү абакта жаза өтөгөндөрдүн Украинадагы согушка жөнөтүлүп жатканы тууралуу башкы прокурор Игорь Красновдон түшүндүрмө талап кылды. Алар соттолгондор жабык жайлардан кантип бошотулуп, кайсы негизде согушка жиберилип жатканын тактап сурашты.

Кайрылууга тиешелүү кеңештин мүчөлөрү Александр Верховский, Наталия Евдокимова, Игорь Каляпин, Ева Меркачева, Владимир Ряховский жана Николай Сванидзе кол коюшкан. Алар жарыялаган текстте орус бийлиги “атайын аскердик операция” деп атаган согушка “Орусиянын бардык аймагынан жаза мөөнөтүн өтөп бүтө элек миңдеген адам, анын ичинде оор кылмыштар үчүн соттолгондор жөнөтүлүп жатканы” айтылат.

Мыйзамга ылайык, соттолгон адам президент ырайым бергенде, соттун шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотуу чечими чыкканда жана Мамлекеттик думанын мунапыс берүү чечиминин негизинде гана бошотуларын белгилешет. Жакын арада эч кандай мунапыс жарыяланган эмес. Каттын авторлору абактагылардын согушка жөнөтүлгөнү чын болсо, соттолгондор кайсы негиз менен абактан бошотулуп жатканы ачык айтылышы керек деп эсептешет.

Соңку апталарда “Вагнердин жеке аскердик компаниясы” ("ЧВК Вагнера") Орусиянын абактарында, биринчи кезекте катаал режимдеги колонияларында отургандарды Украинадагы согушка тартып жатканы жөнүндө маалыматтар чыгып келет. Азгыруу иштерин аталган компаниянын кожоюну делген Евгений Пригожин өзү жүргүзүп жатканы айтылат. Узаган аптада Пригожинге окшош адамдын түрмөдө сүйлөп жаткан видеолору да жарыяланды. Анда ал согушка барган адамдарга ырайым берилерин убада кылып жатканы тартылган.

Евгений Пригожин видеодогу адам ал өзү экенин ырастаган да, төгүндөгөн да эмес. Ал журналисттерге комментарий берип жатып, “согушка вагнерчилер менен соттолгондорду тартууга туура келип жатканын, болбосо ага каршы болгондор өз балдарын жөнөтүшү керектигин” айткан.

"Русь сидящая" фондунун башчысы Ольга Романова мамлекеттик органдардагы өз булактарына таянуу менен согушка үч миңден ашык соттолгон адам тартылганын, алардын көбү өлгөнүн маалымдады. Федералдык жаза аткаруу кызматы жана башка органдар бул маалыматтарды комментарийлей элек. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG