Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:44

Чек арада окко учкан Нурсултан Жаныбековдун сөөгү жерге берилди


Чек арада окко учкан Нурсултан Жаныбековдун сөөгү жерге берилди. Нарын. 18-сентябрь, 2022-жыл.
Чек арада окко учкан Нурсултан Жаныбековдун сөөгү жерге берилди. Нарын. 18-сентябрь, 2022-жыл.

Бүгүн, 18-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууда курман болгон чек арачы Нурсултан Жаныбеков өзү туулуп-өскөн Нарын районунун Оттук айылында акыркы сапарга узатылды.

Нурсултандын эрдигин облустук, райондук жетекчилер, күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү, айылдаштары, туугандары, теңтуштары жана башкалар кайгыруу менен эскерип, анын баатырларча курман болгонун айтышты.

Чек арада окко учкан Нурсултан Жаныбеков күжүрмөн кызматы үчүн мамлекеттик сыйлык алган. (Сүрөт маркумдун туугандарынан алынды)
Чек арада окко учкан Нурсултан Жаныбеков күжүрмөн кызматы үчүн мамлекеттик сыйлык алган. (Сүрөт маркумдун туугандарынан алынды)

Нурсултан Жаныбеков 1995-жылы туулган. 2014-жылы Оштогу №92843 аскер бөлүгүндө аскердик милдетин өтөгөн. Андан кийин Мамлекеттик Чек ара кызматынын №2025 аскердик бөлүгүнө аскердик кызматкер, "Көк-Айгыр" чек ара кызматында жана "Бөрү" атайын отрядынын улук чалгынчы-улук көзгө атаары болуп эмгектенген. Быйыл мартта №2054 аскер бөлүгүнө улук чалгынчы-улук аткыч кызматына дайындалып, Баткен облусундагы Раззаков шаарына кызмат өтөөгө жиберилген.

Нурсултан Жаныбеков президенттин Ардак грамотасын алган.

Үй-бүлөсүндө 4 бир туугандын улуусу болчу.

Кыргызстандын расмий билдирүүсүндө, 16-17-сентябрдагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта мерт болгондордун саны 36 адамга жетти.

129 адам жаракат алды, анын ичинде 7 адам үйдөн дарыланууга жиберилген. Жаракат алгандардан Бишкекте 79, Баткенде 39, Ошто 4 киши ооруканада дарыланып жатат.

140 миңден ашуун адам коопсуз жакка жер которду. Алардын ичинен 136 770 адам Баткен, Лейлек райондорунун, Сүлүктү, Исфана шаарларынын тургундары. Дагы 5301 адам Ош облусунун Чоң-Алай районунун тургундары.

Тажикстан жоготуулары жөнүндө расмий маалымат бере элек. Reuters күч органдарындагы булактарына таянып, жети киши каза болгонун жазды. "Озоди" тажик өкмөтүндөгү булагына таянып, өлгөндөрдүн саны 39 киши экенин кабарлады. Бирок Тажикстандын расмий бийлиги муну ырастай элек. Маалыматты көз карандысыз башка булактардан тактоого мүмкүн боло элек.(MK/ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG