Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:29

Казакстандык журналист Баткенге жардам жөнөтүү үчүн акча чогултууда


Кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышуу маалында өрттөлгөн жайлардын бири, Баткен облусу, Кыргызстан, 17-сентябрь.
Кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышуу маалында өрттөлгөн жайлардын бири, Баткен облусу, Кыргызстан, 17-сентябрь.

Казакстандык журналист Назгүл Жарбулова кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышуудан жабыркаган кыргызстандыктарга гуманитардык жардам үчүн акча чогултууда. Ал 1 миллиондон ашык теңге топтоп (2100 АКШ долларына чукул каражат), аны азык-түлүк, дары-дармек алыш үчүн кыргызстандык ыктыярчыларга жөнөткөн.

“Коңшу өлкөдө болуп жаткан трагедияны жөн эле карап туруу мүмкүн эмес. Өз үйүнөн ажырап, тиричилигин таштай качкандарга кийим, тамак, дары керек”, - деди Жарбулова “Азаттыктын” казак кызматына.

Жарбулованын эсебине бир миллион 656 миң теңге чогулган, анын биринчи траншын Кыргызстандагы экоактивист Исмаил Карыповго жиберген. Жарбулованын эсебине Армения, Орусия, Түркиядан “Кыргызстанга колдоо”, “Бир туугандарыбыз үчүн” деген кат менен акча которуулар болгон.

Кыргыз-тажик чек арасында 16-сентябрдын таңында башталган куралдуу кагылышуудан Кыргызстандан кеминде 24 адам мерт болду. 140 миңден ашуун адам коопсуз жакка жер которду.

Тажикстан жоготуулары жөнүндө расмий маалымат бере элек. Reuters күч органдарындагы булактарына таянып, жети киши каза болгонун жазды. "Озоди" тажик өкмөтүндөгү булагына таянып, өлгөндөрдүн саны 39 киши экенин билдирди. Бирок, Тажикстандын расмий бийлиги муну ырастай элек. Маалыматты көз карандысыз башка булактардан тактоого мүмкүн боло элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG