Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:06

Министр чек арада ӨКМдин куткаруучусу курман болгонун билдирди


Бообек Ажыкеев.
Бообек Ажыкеев.

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажыкеев Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта куткаруу иштеринде жүргөн кызматкери курман болгонун кабарлады.

“Кечээ Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен бир адамды жоготтук. Өзүнүн кызматын аткарып жаткан жеринен каза болгон. Ал мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Биздин кызмат өз милдетибизди аткарып жатабыз”, - деди министр.

Саламаттык сактоо министрлиги 17-сентябрь, саат 16:00го карата берген маалыматта чек арадагы куралдуу кагылышта 122 адам жараат алган. Алардын ичинен жетөө үйүнөн дарыланууга жиберилген.

Кыргызстандын Чек ара кызматы 17-сентябрь, саат 18:20га карата Чоң-Алай районундагы кыргыз-тажик чек арасында кырдаал кайрадан чыңалып турганын кабарлады.

Кыргыз-тажик чек арасында 16-сентябрдын таңында башталган куралдуу кагылышуудан Кыргызстандан кеминде 24 адам мерт болду. 140 миңден ашуун адам коопсуз жакка жер которду.

Тажикстан жоготуулары жөнүндө расмий маалымат бере элек. Reuters күч органдарындагы булактарына таянып, жети киши каза болгонун жазды. "Озоди" "Азия Плюс" маалымат агенттигине таянып, ондон ашык киши өлгөнүн, бирок маалыматты тажик бийлиги ырастабай жатканын билдирди. Маалыматты көз карандысыз башка булактардан тактоого мүмкүн боло элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG