Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:56

ЖККУ кыргыз-тажик чек арасындагы абал боюнча билдирүү таратты


ЖККУга мүчө мамлекеттердин туулары. Москва. ЖККУ саммити. 2022-жыл.
ЖККУга мүчө мамлекеттердин туулары. Москва. ЖККУ саммити. 2022-жыл.

Жамааттык коопсуздук келишим уюму (ЖККУ) Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы куралдуу кагылышууга кабатырлыгын билдирди.

Уюмдун Баш катчылыгы тараткан билдирүүдө чек арада эки тараптан тең адам өлүмүнө, турак жай, социалдык объекттердин кыйроосуна алып келген куралдуу жаңжалды сынга алары жазылган. Анда мерт болгондордун жакындарынын кайгысын тең бөлүшөрүн билдирген.

"Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара кызматтарынын ортосундагы сүйлөшүүлөрдү жана ок атууну токтотуу тууралуу макулдашууну кубаттайбыз. Бул татаал чек ара маселесин чечүүдө чыңалууну төмөндөтүп, кырдаалды курчутпоонун тынч жолдору табыларына ишенебиз. Күч колдонуу туура эмес, карама-каршылыкты жоюу үчүн саясий-дипломатиялык гана ыкмалар колдонулууга тийиш", - деп жазылган анда.

Уюмдун катчылыгы азыркы жарашуу узак мөөнөттүү жана туруктуу болоруна ишенерин маалымдап, чатакты бир үстөлгө отуруп, тынч чечүүгө үндөгөн.

Уюмдун Баш катчысы Станислав Зась 16-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы кандуу кагылышка байланыштуу Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов жана Тажикстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Насрулло Махмудзода менен телефон аркылуу сүйлөшкөн. Анда аймакта ок атышууну чукул токтотуп, маселелерди тынч жол менен чечүү зарылдыгы айтылган.

Кыргызстандын Чек ара кызматы Тажикстан тарап 17-сентябрда бир нече жолу Баткендеги Паскы-Арык жана Достук айылдарын, Чоң-Алай районундагы Тешик-Таш, Карамык жана Кароол-Дөбө айылдарындагы чек арачылардын позициясын аткылаганын, муну менен 16-сентябрдагы сүйлөшүүлөрдө ок атууну токтотуу тууралуу макулдашууларды бузганын маалымдады.

Тажикстандын Чек ара кызматы 17-сентябрда кыргыз тарап "Душанбе", "Сархадчи" тозотторун жана Сомонён айылын көздөй ок атканы тууралуу маалымат таратканын "Озоди" радиосу жазды. Маалыматты көз карандысыз булактардан тактоого мүмкүн боло элек.

Кыргыз-тажик чек арасында ок атышуу 16-сентябрдын таңында башталган. Бишкек менен Дүйшөмбү бул үчүн бири-бирин айыптап жатат. Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында 14-сентябрда ок атылып, анда да эки тарап бири-бирин күнөөлөгөн. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG