Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:30

Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал тууралуу эл аралык уюмдар жана бир катар өлкөлөр билдирүү жасады


ЕККУнун баш кеңсесиндеги жазуу. Вена, Австрия. Иллюстрациялык сүрөт.
ЕККУнун баш кеңсесиндеги жазуу. Вена, Австрия. Иллюстрациялык сүрөт.

Евробиримдик Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы куралдуу кагылышка байланыштуу билдирүү жасады. Анда жабыркагандарга көңүл айтып, мындай чатак жалпы аймактагы кырдаалдын туруксуздугуна алып келери белгиленген.

"Евробиримдик жума күнү тараптар жетишкен макулдашууларды кубаттайт. Биз эки тарапты тең ок атууну токтотууга, чыңалууну басаңдатуу үчүн мүмкүн болгон аракеттерди кылууга, маселени тынч жана дипломатиялык жол менен чечүүгө чакырабыз", - деп жазылган билдирүүдө.

Европа коопсуздук кызматташтык уюмунун төрагасы, Польшанын тышкы иштер министри Збигнев Рау жана уюмдун баш катчысы Хельга Шмид 16-сентябрда Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен сүйлөштү. Анда эл аралык уюмдун жетекчилери кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалды тереңдетпөө жана аны тынч жол менен чечүүгө чакырышты.

Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы кагылышка байланыштуу башка бир катар мамлекет башчылары да кабатырлыгын билдиришүүдө.

Түркиянын Тышкы иштер министрлиги кыргыз-тажик чек арасындагы окуялар кабатырлануу жаратканы тууралуу билдирүү жарыялады.

"Ынтымакта коңшулаш жашап келген эки элдин ортосундагы чыңалуу тез арада токтоп, маселе тынч, дипломатиялык жол менен чечилерине ишенебиз" деп жазылган маалыматта.

Кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышка кабатырлыгын Түрк мамлекеттеринин уюму да билдирип, тараптарды тынчтыкка үндөгөн.

Кыргыз-тажик чек арасында 16-сентябрдын таңында башталган куралдуу кагылышуу үчүн Бишкек менен Дүйшөмбү бири-бирин айыптап жатат.

Кыргызстанда 24 адам мерт болуп, 87 киши жарадар болгону расмий кабарланды. 136 миңден ашуун адам коопсуз жакка жер которууга аргасыз болду.

Тажик бийлиги өзүндөгү жоготуулар тууралуу расмий комментарий бере элек. "Озоди" радиосу маалымат каражаттарына шилтеме берип тажик тараптан эки жайкын тургун мерт болгонун, жараат алгандар да бар экенин жазды. Маалыматтарды башка көз карандысыз булактардан ырастоо мүмкүн боло элек.

Кыргыз-тажик чек арасында ок атышуу 14-сентябрда да болуп, эки тарап бири-бирин айыптаган. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG