Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:27

Кыргыз-тажик чек арасында түн тынч өткөнү кабарланды


Аткылоодон күйүп кеткен үйдүн өртүн өчүрүү учуру. Баткен шаары. 16-сентябрь, 2022-жыл.
Аткылоодон күйүп кеткен үйдүн өртүн өчүрүү учуру. Баткен шаары. 16-сентябрь, 2022-жыл.

17-сентябрга оогон түнү кыргыз-тажик чек арасынын бүт бардык периметри боюнча ок атылган жок. Түн тынч өттү. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев "Азаттыкка" бүгүн, 17-сентябрда, саат 7:00дө курган маегинде билдирди. Анын айтуусунда акыркы ок атуулар түнкү 10дор чамасында болгон, андан кийин атылган жок.

"Бүгүн саат 9:00дө Баткен жана Согд облустарынын жетекчилери, күч түзүмдөрү жолугуп, сүйлөшүү болот. Кечээ үйлөрүнөн чыгып, коопсуз жакка кете албай, талаада качып жүргөн адамдарыбыз да бар. Бүгүн аларды чогултуу керек. Жалпы канча адам каза болуп, канчасы жаракат алганын жана дайынсыз болуп жаткан адамдарды да бүгүн тактайбыз. Мурунку кагылыштарда элди Баткенге эвакуациялап келген болсок, бул жолу Баткен шаарынын өзүн да аткылоо болгондуктан, Өзбекстандын Сох анклавы аркылуу Кадамжайга жана Ошко жиберүүгө туура келди", - деди Алимбаев.

16-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта кыргыз тараптан кеминде 24 адам каза таап, 87 адам жарадар болгонун Саламатык сактоо министрлиги маалымдаган. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кагылыштан улам коопсуз жакка кетүүгө аргасыз болгондордун саны 136 миң адамга жеткенин билдирүүдө. Маалыматтарга караганда элди коопсуз жакка эвакуациялоо уланууда.

"Озоди" радиосу маалымат каражаттарына шилтеме берип тажик тараптан эки жайкын тургун мерт болгонун, жаракат алгандар да бар экенин жазды.

Тажик бийлиги расмий комментарий бере элек. Бул маалыматтарды көз карандысыз булактардан ырастоо мүмкүн эмес.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG