Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:58

Кыргыз-тажик чек ара башчылары чагымды, ок атууну токтотууну сүйлөштү


Чек арадагы соңку кагылышуудан улам күч түзүмдөрү күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат.
Чек арадагы соңку кагылышуудан улам күч түзүмдөрү күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат.

Улуттук коопсуздук комитетине караштуу (УКМК) Чек ара кызматы 17-сентябрь, саат 03.00го карата кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал курч бойдон экенин билдирди. Мекеме эки өлкөнүн Чек ара кызматтарынын башчылары Уларбек Шаршеев менен Ражабалы Рахмонали түнкү саат 12де Тажикстандын “Гүлистан-автожол” көзөмөл-өткөрмө бекетинде жолукканын, анын соңунда айрым чечимдер кабыл алынганын кабарлады.

“17-сентябрдын түнүнөн саат 09.00го чейин Чек ара кызматынын облустук башкармалыктары чек арадагы чагымдын жана ок атуунун алдын алуу иштерин уюштурат. Атайын кызматтын жана укук коргоо органдарынын аймактык бөлүмдөрүнүн башчылары кирген биргелешкен ыкчам штабдын ишин координациялоо үчүн "Гүлистан-автожол" бекетинди ишин улантат”,-деп жазылган маалыматта.

Тажик тарап бул сүйлөшүү тууралуу расмий маалымат тарата элек.

Мунун алдында Кыргызстандын Чек ара кызматы тажик тарап ар кандай чагымга барып жатканын, кийин кыргыз тарапты күнөөлөө үчүн айрым тажик жарандары өз үйлөрүн өздөрү өрттөй баштаганын маалымдаган.

Расмий Дүйшөмбү буга байланыштуу азырынча комментарий бере элек.

Кыргызстандын атайын кызматынын төрагасы Камчыбек Ташиев чек арадагы соңку кырдаал тууралуу маалымат берип, ок атышуу токтогонун, бирок кырдаал оор бойдон калып жатканын билдирген. Ал чек арадагы куралдуу кагылышууда кыргыз тараптан аскерлер арасында жоготуулар көп болгонун белгилеп, так санын айткан эмес.

Расмий маалыматта Тажикстан тараптан аткылоо уланып, айрым аймактарда тынымсыз атышуу болуп жатканы айтылат. Чек ара кызматынын маалыматында, тажик аскерлери саат 22:20да "Тамдык" чек ара бекетин аткылаган. Кыргызстандын Чек ара кызматы тажик тарап кошумча аскер күчтөрүн тартып жатканын маалымдады.

Тажикстандын Чек ара кызматынын маалымат кызматы эки тараптын күч түзүмдөрүнүн жетекчилеринин ок атышууну токтотуу макулдашуусуна карабай, кыргыз тарап аскер техникасы менен Гафуров районунун, Ворух жана Чорку, Исфара шаарларын аткылап жатканын кабарлаган.

"Озоди" радиосу маалымат каражаттарына шилтеме берип тажик тараптан эки жайкын тургун мерт болгонун, жаракат алгандар да бар экенин жазган.

Тажик бийлиги расмий комментарий бере элек. Бул маалыматтарды көз карандысыз булактардан ырастоо мүмкүн эмес.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG