Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:31

УКМК тажик жарандары өз үйлөрүн өздөрү өрттөп жатканын кабарлады


Кыргыз-тажик чек арасында абал чыңалып турат.
Кыргыз-тажик чек арасында абал чыңалып турат.

Улуттук коопсуздук комитетине (УКМК) караштуу Чек ара кызматы 17-сентябрь, саат 02.30га карата кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал дагы деле чыңалып турганын билдирди. Ошондой эле тажик тарап ар кандай чагымга барып жатканын маалымдады.

“Тажик тарап ок атышуу токтоткон маалда тажик жарандары Богдари калктуу конушундагы өз үйлөрүн өздөрү өрттөй баштады. Алардын мындай аракеттери кийин кыргыз тарапты айыптоо үчүн атайлап жасалган чагым болуп саналат”,-деп айтылат маалыматта.

Тажик тарап буга байланыштуу азырынча комментарий бере элек.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев чек арадагы соңку кырдаал тууралуу маалымат берип, ок атышуу токтогонун, бирок кырдаал оор бойдон калып жатканын билдирген. Ал чек арадагы куралдуу кагылышууда кыргыз тараптан аскерлер арасында жоготуулар көп болгонун белгилеп, так санын айткан эмес.

“Жоготуулар негизинен аскер кызматкерлеринин арасында болду. Азыр канча жоготуу болгонун тактап жатабыз. Тилекке каршы, жоготуулар жана жаракат алгандар көп. Ал эми жай тургундар арасында жоготуулар аз болду. Андан сырткары бир нече айылды басып алганга аракет кылышты. Эки тараптан тең көптөгөн үйлөр өрттөндү. Азыр айылдардагы маселени чечип жатабыз. Азыр эки айылыбыз калды”, - деди Ташиев.

Расмий маалыматта Тажикстан тараптан аткылоо уланып, айрым аймактарда тынымсыз атышуу болуп жатканы айтылат. Чек ара кызматынын маалыматында, тажик аскерлери саат 22:20да "Тамдык" чек ара бекетин аткылаган. Кыргызстандын Чек ара кызматы тажик тарап кошумча аскер күчтөрүн тартып жатканын маалымдады.

Тажикстандын Чек ара кызматынын маалымат кызматы эки тараптын күч түзүмдөрүнүн жетекчилеринин ок атышууну токтотуу макулдашуусуна карабай, кыргыз тарап аскер техникасы менен Гафуров районунун, Ворух жана Чорку, Исфара шаарларын аткылап жатканын кабарлады.

"Озоди" радиосу маалымат каражаттарына шилтеме берип тажик тараптан эки жайкын тургун мерт болгонун, жаракат алгандар да бар экенин жазды.

Тажик бийлиги расмий комментарий бере элек. Бул маалыматтарды көз карандысыз булактардан ырастоо мүмкүн эмес.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG