Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:12

Дүйнө чемпионатында Эрназар Акматалиев коло медал утту


Арив сүрөт. Эрназар Акматалиев V Ислам шериктештиги оюндарында. Август, 2022-ж.
Арив сүрөт. Эрназар Акматалиев V Ислам шериктештиги оюндарында. Август, 2022-ж.

Сербиянын Белград шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында кыргызстандык балбан Эрназар Акматалиев коло байге алды. Эркин күрөштөн 70 килограмм салмакта күч сынашкан Акматалиев 16-сентябрда 3-орун үчүн беттеште индиялык Навиин Навиинди 4:1 эсебинде жеңди. Бул салмакта беттештер 15-сентябрда башталган. Бул күнү Акматалиев 1/8 финалда молдовалык Максим Сакултанды (14-2), чейрек финалда болгариялык Рамазан Рамазановду (11-0) мөөнөтүнөн мурда уткан. Жарым финалда жапониялык балбан Тайши Нарикуниге 10:10 эсебинде жеңилди. Акыркы ыкманы Нарикуни жасагандыктан жеңиш ага берилди.

24 жаштагы Эрназар Акматалиев 2021-жылы Норвегиянын Осло шаарында өткөн эркин күрөш боюнча чоңдор арасындагы Дүйнө чемпионатында күмүш байге алган.

Бул күнү кыргызстандык дагы бир балбан, 79 килограмм салмакта Арсалан Будажапов да коло байге үчүн күрөшөт. Ал 3-орун үчүн болгариялык Али Паша Умарпашаев менен күрөшөт. Буга чейин Будажапов 1/16 финалда франциялык Сайфедин Алекманы (2-2), 1/8 финалда тажистандык Шухрат Бозоровду (10-0) утуп, 1/4 финалда АКШлык Эрнест Жорданга (10-0) жеңилди. АКШ балбаны финалга чыккандыктан Будажапов көңүл жубатуучу беттешке чыкты. Ал таймашта түркмөнстандык Сахергелди Сапармурадовду 10:0 эсебинде жеңип, коло байге үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алды.

29 жаштагы Арсалан Будажапов 2020-жылдагы Азия чемпиону жана 2022-жылдагы Азия чемпионатынын коло медалынын ээси. Бир катар эл аралык мелдештерде байге алган.

Белградда өтүп жаткан күрөш боюнча (грек-рим күрөшү, эркин күрөш жана кыз-келиндер күрөшү) Дүйнө чемпионаты 18-сентябрга чейин уланат.

Буга чейин грек-рим күрөшү жана кыз-келиндер күрөшү боюнча байге ээлери аныкталган. Грек-рим күрөшүнөн кыргызстандык балбандар эки алтын, бир коло байгеге ээ болуп, Командалык эсепте 5-орунду ээледи. 11-сентябрда Акжол Махмудов 77 килограмм салмакта, 13-сентябрда Жоламан Шаршенбеков 60 килограмм салмакта алтын алган. Грек-рим күрөшүнөн 67 килограмм салмакта Амантур Исмаилов коло тагынган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG