Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:50

Баткен: куралдуу жаңжалда жараат алгандардын саны 42 адамга жетти


Чек арадагы ок атылган аймактардан коопсуз жакка качып бараткан эл. Лейлек. 16-сентябрь, 2022-жыл.
Чек арадагы ок атылган аймактардан коопсуз жакка качып бараткан эл. Лейлек. 16-сентябрь, 2022-жыл.

Саламаттык сактоо министрлиги 16-сентябрда саат 15:00го карата берген маалыматы боюнча Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда жараат алгандардын саны 42 адамга жетти.

"Жараат алган 42 адамдын 19у Баткен облустук аймактык ооруканасында, Лейлектеги райондук ооруканада 18, беш адам Бишкекке жеткирилди. Жараат алгандар жана алардын саламаттыгы тууралуу маалымат кийинчерээк берилет", - деп жазылган маалыматта.

16-сентябрда Бишкектен Баткенге үч медициналык бригада учуп кетти. Алардын ичинде түрдүү профилдеги хирург, анестезиолог-реаниматолог жана башка адис дарыгерлер, медициналык кызматкерлер бар.

Кыргыз-тажик чек арасында 16-сентябрда эртең менен кайрадан ок атышуу башталган.

Кыргызстандын Чек ара кызматы "тажик тарап буга чейинки макулдашууларды бузуп, Кыргызстандын чек арасынын бүткүл периметри боюнча чек ара жана жарандык объектилерге чыккынчылык менен кол салды", - деп айыптаган. Анда "Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасынын бардык периметринде атышуу уланып жатканын" белгилеген.

Буга чейин Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев менен Тажикстандын атайын кызматынын башчысы Саймумин Ятимовдун жолугушуусу өтүп жатканы кабарланган.

Тажикстандагы "Ховар" маалымат агенттиги өлкөнүн Чек ара кызматына шилтеме кылып кыргыз чек арачылары таңкы саат 4төн тартып "Дүйшөмбү" чек ара бекетин, айрым калктуу конуштарды аткылай баштаганын, ок атышууну токтотпой жатканын жазды.

Reuters агенттиги тажик тараптан бир жайкын тургун мерт болуп, дагы үч адам жараат алганын өз булактарына таянып жазды. Тажик бийлиги бул маалыматты ырастай элек.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG