Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:25

УКМК тажик тарап тургундарды "тирүү" калкан катары колдонууда деп билдирди


Баткендеги чек арадагы айылдардын бири. 15-сентябрь, 2022-жыл.
Баткендеги чек арадагы айылдардын бири. 15-сентябрь, 2022-жыл.

Кыргызстандын Чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасындагы соңку атышууда тажик тарап оор аскердик техника эле эмес, жергиликтүү тургундарды да пайдаланып, жайкын тургундарды "тирүү" калкан катары колдонуп жатканын билдирди.

"Кагылышууга тажик тараптан кайсы бир куралдуу топко тиешеси бар экенин аныктаган белгиси жок, белгисиз формачан адамдар катышууда. Кыргызстандын Чек ара кызматы айыгышкан салгылашууну улантып, адекваттуу чараларды көрүүдө. Каршылаш тараптын ок атышуусун токтотуу үчүн заманбап курал жана техника колдонулуп жатат",-деп жазылган маалыматта.

Кыргыз-тажик чек арасында 16-сентябрда эртең менен кайрадан ок атышуу башталган.

Кыргызстандын Чек ара кызматы "тажик тарап буга чейинки макулдашууларды бузуп, Кыргызстандын чек арасынын бүткүл периметри боюнча чек ара жана жарандык объектилерге чыккынчылык менен кол салды", - деп айыптаган. Анда "Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасынын бардык периметринде атышуу уланып жатканын" белгилеген.

Буга чейин Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев менен Тажикстандын атайын кызматынын башчысы Саймумин Ятимовдун жолугушуусу өтүп жатканы кабарланган.

Саламаттык сактоо министрлигинин билдиришинче, соңку жаңжалда бери дегенде 18 кыргыз жараны жараат алды.

Тажикстандагы "Ховар" маалымат агенттиги өлкөнүн Чек ара кызматына шилтеме кылып кыргыз чек арачылары таңкы саат 4төн тартып "Дүйшөмбү" чек ара бекетин, айрым калктуу конуштарды аткылай баштаганын, ок атышууну токтотпой жатканын жазды.

Reuters агенттиги тажик тараптан бир жайкын тургун мерт болуп, дагы үч адам жараат алганын өз булактарына таянып жазды. Бирок тажик бийлиги бул маалыматты ырастай элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG