Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:34

Чек арадагы кырдаал: Жогорку Кеңеш чукул жыйынга чогулат


Жогорку Кеңеш, иллюстрациялык сүрөт.
Жогорку Кеңеш, иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңеш 16-сентябрда саат 12.00до кыргыз-тажик чек арасындагы соңку жагдайга байланыштуу кезексиз жыйынга чогулат. Бул маалыматты "Азаттыкка" парламенттин басма сөз катчысы Эркин Каимов "Азаттыкка" ырастады. Бирок Дастан Бекешов өңдүү айрым депутаттар бул жыйын азыркыдай кырдаалда зарыл эместигин, пайдасы тийбесин айтып жатат.

"Азырынча чогулуунун зарылчылыгы жок. Биз эмне кыла алабыз? Тескерисинче жолтоо болушубуз мүмкүн. Тиешелүү түзүмдөр бар, алар бул маселени чечүүгө аракет кылып жатат",-деди Бекешов.

Улуттук коопсуздук комитетине (УКМК) караштуу Чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасында 16-сентябрда саат 10.15ке карата абал дагы деле чыңалып турганын билдирди. Эки өлкөнүн Чек ара кызматынын башчылары Уларбек Шаршеев менен Ражабалы Рахмонали ок атышууну токтотууну, жолугушуу өткөрүүнү сүйлөшкөнүн кабарлады.

"Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар саат 10.00дон тартып ок атышууну токтотууну, жолугуп сүйлөшүүнү макулдашкан. Бирок тажик тарап макулдашууну аткарбай, ок атышууну токтотпой жатат",-деп айтылат Чек ара кызматы тараткан маалыматта.

Кыргызстандын Чек ара кызматы 16-сентябрда тажик тарап ок атышууну баштаганын билдирген. Анда атайын билдирүү таратып, "тажик тарап буга чейинки макулдашууларды бузуп, Кыргызстандын чек арасынын бүткүл периметри боюнча чек ара жана жарандык объектилерге чыккынчылык менен кол салды", - деп айыптаган. Анда "Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасынын бардык периметри боюнча атышуу уланып жатканын" белгилеген.

Тажикстандагы "Ховар" маалымат агенттиги өлкөнүн Чек ара кызматына шилтеме кылып кыргыз чек арачылары таңкы саат 4төн тартып "Дүйшөмбү" чек ара бекетин, айрым калктуу конуштарды аткылай баштаганын жазды.

15-сентябрда, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев менен Тажикстандын Чек ара кошуундарынын башчысы Ражабали Рахмонали Баткендеги Төрт-Көчө аймагында жолуккан. Атайын кызмат бул сүйлөшүү тууралуу кеңири маалымат берген эмес.

Ташиев жергиликтүү журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, кыргыз-тажик чек арасында кырдаал тынч экенин, ошол эле учурда чыңалуу бар экенин айткан. Ошонжой эле тажик тараптан Кыргызстандын жарандык обьектилерине ок атылганын сынга алган.

Тажик бийлиги чагым тууралуу дооматтарга үн ката элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG